www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ковид - 19дан улам жалпы дүйнөдө каза болгондордун саны 2 миллион 118 710дон жогорулады. Бейтап саны 98 миллион 848 000ден, айыккандардын саны 71 миллион 53 000ден ашты. Индияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 153 242ге, вирус жугузгандардын саны 10 миллион 641 647ге жогорулады. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.
Эмидемияда 57 294 киши каза болгон Иранда бейтап саны 1 миллион 367 000ге жетти. Президент Хасан Рухани коронавирус менен күрөшүүдө вакциналоо иштеринин талаптагыдай иштеши үчүн элдин эң аз 6 ай дагы көрүлгөн чараларга көңүл бурушу керектигин айтты.
Россияда коронавирустан 68 971 киши каза болду. Өлкөдө бейтап саны 3 миллион 698 000ге жетти. Россияда эпидемияга каршы баштатылган массалык вакциналоо иштери соода борборлору менен театр имараты сыяктуу маданий борборлордо жүргүзүлүүдө.
Кытайда Ковид - 19дан 4 635 киши каза болуп, бейтап саны бир күндө 107ге көбөйүп 88 911ге жетти. Өлкө көбөйгөн Ковид – 19 бейтаптарына байланыштуу эпидемияга карата чаралардын күчтөндүрүлүшү менен Жаз майрамы эс алуусунда тест кылдыруу мажбурдуулугун алып келүүгө даярданууда.
Японияда вирустан 4 830 киши каза болду. Өлкөдө бейтап саны 35 1020га жогорулады. Японияда өкмөт июль айында башталышы күтүлүп жаткан Токио Олимпиадалары жана паралимпик оюндарынын коронавирустун жайылышына каршы «күйөрмансыз» өткөрүү ыктымалын карап жатат.
Сауд Арабиясында 24 сааттын ичинде Ковид - 19дан 4 киши каза болуп, 213 киши вирус жугузган. Бул маалыматтар менен вирустан каза болгондордун жалпы саны 6 346га, вирус жуктургандардын саны да 365 988ге жогорулады.
Кээ бир өлкөлөрдө Ковид - 19дан каза болгондордун саны төмөнкүчө болду: Түштүк Африкада 4076, Индонезияда 27 664, Иракта 12 984, Пакистанда 11 247 жана Филиппинде 10 136.