www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөттөгү түзүм жана курамга болгон элдин баасын көрүп жатам. Токтотпосок болбойт. Бул тууралуу коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев билдирди.
Ал кырдаалды курчутпоо үчүн, жаңы Конституция кабыл алынганга чейин жана Жогорку Кеңештин жаңы курамы шайланганга чейин, өкмөттүн түзүмүн реформалоодон убактылуу баш тартуу зарыл.
«Ал арада жумушчу топ түзүп, токтоосуз структуралардын функционалдык анализин баштап, анализди 4 айда (февраль-май) бүтүрүп, негизделген өкмөттүн түзүмүн даярдоо керек. Бул маселеде шашылуунун кажети жок. Анын үстүнө, сунушталган структура жөнөкөй эмес, көптөгөн суроолорду жаратат. Чечимди парламенттин жаңы курамы кабыл алса туура болот.
Анткени, дал ушул ЖКнын азыркы курамы өткөн жылдын октябрындагы кризиске күнөөлүү, элдин ишенимин жоготкон, анын үстүнө, буга чейин көпчүлүктүн кыжырын келтирген. Мындан тышкары, Өкмөттүн жаңы курамы министрликтерди жана ведомстволорду кайра түзүү процессин аягына чейин чыгарууга үлгүрбөйт, анткени функцияларды бириктирүү жана тактоо процесси кеминде алты айды талап кылат», - деп белгиледи Каптагаев.
Булак: NazarNews.kg