www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматтарынын колунан келген болсо, эки боордош элдин ортосундагы мамиледе өчкүс кара так калат. Мындай пикирди саясатчы Эмилбек Каптагаев социалдык баракчасына жазып чыкты.

--"Түндө "Сапат" билим берүү түзүмүнүн башчысы Орхан Инанды дайынсыз жоголуптур, машинеси ачык калып өзү жок дешет. Орхан мырзанын Кыргызстандагы билим берүү деңгээлин көтөрүүдө, заманбап билимге ээ жаштарды өстүрүүдө төө көтөргүс эмгеги бар, биз миллеттүүбүз анын алдында. Уурдап кетүү кимдин колунан келди, белгисиз азыр. Бирок бул иш "гүлөнчү" деген шылтоо менен Түркиянын атайын кызматтарынын колунан келген болсо, анда эки боордош элдин ортосундагы мамиледе өчкүс кара так калат.

Биринчиден, Орхан мырза Кыргыз Республикасынын жараны, экинчиден, эгемендүү мамлекеттин аймагына келип өзүм билемдик кылуу жосунсуз жорук, адамкерчиликке дагы, эл аралык мамилеге дагы жатпаган. Кандай болгон күндө дагы, бул иштин бети ачылып, уурдоого тиешелүүлөр кармалышына эки өлкөнүн жетекчилери тең кызыкдар болуусу зарыл. Коопсуздук кызматы менен Ички иштер министирлиги бул ишке өтө жогорку даражадагы маани берип, Орхан мырза тез арада табылат деп ишенем”, - дейт саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости