www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгисиз адамдар уурдап кетти делген «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы маалымат берди.

Бүгүн, 1-июнда саат 04:20 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын «102» кызматына Малдыбаев жана Саманчин көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунан «Lexus 470» үлгүсүндөгү унаа ачык абалда табылганы тууралуу чакыруу келип түшкөн.

Октябрь РИИБдин шаардык ички иштер бөлүмүнүн үчүнчү бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу чакыруу болгон жерге жөнөп кетишкен. Ал жерден Ю. К. аттуу жаран атасы И. О. аттуу адам ушул автоунаа менен жүргөнүн айтып арыз жазган. Акыркы ирет ал кечээ, 31-майда, болжол менен саат 18:00дө байланышка чыккан.

Азыркы учурда тажрыйбалуу тергөөчүлөрдүн жана ыкчам кызматкерлердин ичинен тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө көрсөтмөлөр жөнөтүлүп, бардык болгон тергөө жана издөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости