www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, губернатор болгон коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына "өзгөчө кырдаал" деп ызылдап жаткандар тууралуу пикирин жазып чыкты.
""Өзгөчө кырдаал...Өзгөчө кырдаал..." - деп ызылдап жаткандардын эсине... Өкмөт ошого акылы жетпегенден улам токтоп турган жок, ушуну эске алсаңар... Өзгөчө кырдаал киргизүүнүн дагы ӨЗГӨЧӨ ЖҮГҮ бар, ӨЗГӨЧӨ ЖООПКЕРЧИЛИГИ бар...
Бул маселеде "жети өлчөп бир кес" деген негиз абдан туура келет... Кабыл алынган чечимдер, көрүлгөн чаралар түзүлүп жаткан кырдаалга жараша эле болгону туура... Учурда чектелген аймакта киргизилген Өзгөчө кырдаалды эле толук камсыз кылуу кандай түйшүктөргө алып келип жатат, карап көрсөңөр өзүңөр...
Аны дагы " мен кыйынмын" - деп көкүрөгүн каккандар каалагандай бузуп, арзыбаган реклама үчүн колдонуп жатканын көрүп жатпайбызбы... Өздөрү эле эмес калган аймактардагы элдин коопсуздугуна шек келтирип... Сабырдуу болсок, жоопкерчиликтүү болсок дурус болчудай азыр", - деп Эмилбек Каптагаев жазган.
Булак: NazarNews.kg