www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 20-марттан тартып Ош шаарындагы коомдук транспорт токтотулат. Бул тууралуу коронавирус коркунучуна байланыштуу түзүлгөн штаб кабарлап, «Көчөгө чыкпаңыздар!» деп эскертти.
Шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасына ылайык, бүгүндөн тарта автобус, троллейбус, маршруткалар каттамга чыкпайт. "Калаада эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Бирок ага карабастан элдин агымын токтотуу максатында ушундай чечим кабыл алынды. Андай болбосо көчөдө тобу менен жүргөндөрдү тыюу мүмкүн эмес экен", — деп билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарындагы базарлар ишин токтоткон. Муну менен катар Сулайман-Тоо, парктар жана кафелер жабылды.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 6 га жетти. Коронавирус боюнча алгачкы 3 учур 18-мартта жарыяланган. Алар да Сауд Арабиядан кичи ажылык сапардан келген Сузактын тургундар болсо, экинчи учур бүгүн, 20-мартта Ош облусунун Ноокат районунун жашоочуларынан аныкталды. Аларда кичи ажылык сапардан кайтып келишкен.
Булак: NazarNews.kg