www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын канцлери Ангела Меркель элине катуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу чет элдик баслымалар жазып чыкты.
Ангела Меркель обратилась к жителям Германии в связи с пандемией коронавируса. Обращение канцлера было опубликовано на нескольких языках - в том числе, и на русском pic.twitter.com/LYfe5cBZP4
— DW на русском (@dw_russian) March 18, 2020
Ангела Меркелдин кайрылуусунда, элин тартипти сактоого чакырып, убактылуу бир топко жарактуу боло турган эрежелерге баш ийгиле деген.
Белгилей кетсек, Германияда жарандардын өлкө ичинде ары-бери жүрүшүнө чектөө киргизилди. Сыртка чыгууга да убактылуу тыюу салынды. Өлкө аймагындагы тамак-аш саткан дүкөндөрдөн, дарыканалардан башка соода, тамактануучу жана оюн-зоок жайлары жабылды. Ошондой эле мектептер, университеттер, спорт клубдары жана башка жайлар да убактылуу иштебейт.
Германия, эпидемиянын себебинен Түркия менен качкындарды кабыл алуу программасын (үчүнчү өлкөгө жайгаштыруу) убактылуу токтотту.
Акыркы маалыматтарга таянсак, Герменияда коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 15 320 кишиге жетти. Акыркы бир сутка ичинде илдетке кабылгандардын саны 2993 болсо, оорудан 16 киши каза болгон.
Булак: NazarNews.kg