www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 29-январда Депутат Акылбек Жапаров «Кытайга карызды төлөбөсөк алар ТЭЦке, Датка Кеминге, Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолуна өздөрү ээлик кыла башташат», - деп билдирди. Бул боюнча саясатчы Эмилбек Каптагаев да четте калбай өзүнүн жеке пикири менен Facebook баракчасы аркылуу бөлүштү.
«Кытайга карызды төлөбөсөк алар ТЭЦке, Датка Кеминге, Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолуна өздөрү ээлик кыла башташат. Ээлик кыла башташат деген өздөрү келип өздөрү иштетип өздөрүнүн тарифтерин коет. Биздин эл алардын тарифтерин көтөрө албайт. Тилекке каршы, келишим ушундай түзүлүп калган, Кытайдын акысы бар», - деп Акылбек Жапаров бүгүн Санжыра радиосунун Жаргылчак уктуруусунда билдириптир.
Чатак! Өтө чоң чатак бул! Эгерде ушул факты чын болсо, анда ошол келишимди даярдаган, ага кол койгон Президент, Премьер-министр, колдогон Өкмөт мүчөлөрү жана адистер, ратификация кылган Жогорку Кеңештин депутаттары токтоосуз түрдө камалып, өмүр бою камакка кесилиши шарт.
Кыргыз мамлекетине, кыргыз элине кыянаттык кылуунун жазасы ушундай болуусу учурдун талабына жооп берет», - деп кошумчалаган ал.
Эске сала кетсек, «Кытайга карызды төлөбөсөк алар ТЭЦке, Датка Кеминге, Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолуна өздөрү ээлик кыла башташат. Ээлик кыла башташат деген өздөрү келип өздөрү иштетип өздөрүнүн тарифтерин коет. Биздин эл алардын тарифтерин көтөрө албайт. Тилекке каршы, келишим ушундай түзүлүп калган, Кытайдын акысы бар», - Акылбек Жапаров бул тууралуу бүгүн Санжыра радиосунун Жаргылчак уктуруусунда билдирди.
Булак: NazarNews.kg