www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир нече адамдарга залакасын тийгизген Эмилбек Кимсанов, кайрадан кезектеги шоусун көрсөттү.
“Мага түнкү саат 3тө жашыруун шарт менен СИЗОдо Эмилбек Кимсановдун сабалганын кабарлашты. Анын камерасына 3 адамды жайгаштырып, өмүрүнө коркунуч жаратышууда. Мен нөөмөттө тургандарга телефон чалсам, мага иш күнү болбогондуктан кимдир бирөөнү текшерүүгө жибере алышпасын айтышты. Анда эмнеге СИЗОнун кызматкерлери нөөмөттө турушат? Мамлекет камакка алган соӊ, айыпталып жаткан адамдын ден соолугуна, өмүрүнө жооп берет”, — деп Кимсановдун жактоочусу билдирген.
Бирок, Эмилбек Кимсановдун бул жолку “токмоктоп кетти” деген арыздануусу дагы социалдык тармактагы коомчулукту таң калтырган жок. Талкуулар теңирден тескери кетти. Айрымдарын окурмандарга сунуштайлы.
“Эмилбек Кимсанов түрмөдө олтурса, аны караган укук коргоо органдары бар. Түрмөдө кайдан телефон пайда болот? Матраимовдордун эмне болгон былыгын айтып чыгыптыр? Сүйлөгөн сөздөрүнөн, видеолорунан коркутуп-үркүтүү жасалма болгону көрүнүп турат. Качанкы балдар менен мушташкан эски сүрөттөрүн коюп алып, кезектеги коркутуп-үркүтүү уюштуруп жазганы чындыкка жатпайт. Кайдан сүрөткө түшөт? Эмне абакта тартип деген жокпу? Ким кааласа, кирип, сабап чыгып кете береби?”
“Эгерде таяк жегени чын болсо, түрмөнү кайтаргандар, түрмөнүн жетекчилиги жооп берсин. Матраимовдордун эмне тиешеси бар? Видеодогу сөзүндө эшигине барган адамдар “Көлбаевдин адамдары келди” деп, каралардын атын атап жатат деген. Ким билет түрмөдө эмне болгонун. Ошондуктан Матраимовдорго байланышкан маселе боюнча түрмөдө олтурган жери жок. Өзүнүн бир канча кылмыш иштеринин негизинде кармалып жатпайбы? Жөн эле Матраимовдордун атын айтсам жаным калат деп жаманатты кылып, ПРОВОКАЦИЯ жасаса туура болуп калабы? Сабалды деп сүрөтүн чыгарыптыр. Барып сабалганы анык болсо, аны тиешелүү органдар текшерип жообун айтышы керек”.
“Мурда мушташканда алган жарааттарын көрсөткөнүнө караганда артында үйрөтүп жаткан кызыкдар адамдар бар экендиги билинип турат”.
Ал эми, Айнура Суванкулова: “Артында парда тартылып турат. Азыр милицияда пардо тартып калганбы?-дешип бир нече шилтеме калтырышкан.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов "тергөө абагында сабалды" деген маалымат жалган экенин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Самат Калыков NazarNews агенттигине билдирген.
Анын айтымында, 13-апрелге караган түнү “Эмилбек Кимсановдун өмүрүнө коркунуч туулду” деген маалымат чыгаары менен ЖАМКтын атайын тобу барып, анын абалынан кабар алып келген.
“Биздин атайын ыкчам топ барып, Кимсановго жолугуп келди. Ал өз колу менен түшүнүк кат жазып бериптир, анда эч кандай коркутуп-үркүтүү, кол көтөрүү болбогонун, эч кимге доосу жок экенин жазып берген. Тергөө абагынын коридорлорунда түнү-күнү камералар онлайн тартипте иштейт”, - деди Самат Калыков.
Булак: NazarNews.kg