www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 12-апрелинде “Постто ызы-чуу салган аялдын видеосу” деген аталышта 2 тасма социалдык тармактарда тараган. Ызы-чуу салган аял постто турган адамдан, президент Сооронбай Шариповичтен кечирим сурады. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 12-апрель күнү саат 11.30дар чамасында жашы болжол менен 35-40жаштардагы аял Шады айылына кирүү үчүн, постто турган элдик кошуундун атуулдарына оозго алгыс сөздөр менен тилдеп акаарат кылып, коомдук тартипти жана жалпыга бирдей болгон жүрүм-турум ченемдерин атайылап одоно түрдө бузган. Бул факты боюнча милиция кызматкерлери аялдын өздүгүн аныктоо максатында териштирүү иштеринин жүрүшүндө Халмион айыл аймагынын Чекелик айылынын 34жаштагы тургуну экендиги аныкталды.

Бул факты Кадамжай РИИБнүн КЖБРне Жоруктар жөнүндө Кодексинин 127-беренси (санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Баткен облусунун Кадамжай районунда Шады айылынын кире беришинде санитардык-карантиндик посттон өтө албай чыр салган аял кечирим сурады. Ал кызуу кандуулукка алдырып койгонун айтып, жалпы эл, президент жана постто турган Шады айылынын тургундары аны кечиришин өтүндү. Эске салсак, окуя 12-апрелде болгон. Анда 34 жаштагы Халмион айылынын жашоочусу посттогулар унаасын өткөрбөгөнү үчүн жаңжал чыгарган.

Публикация от АРАЛАШ 🗞 МААЛЫМАТТАР (@aralash_maalymat)

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Булак: Санжар Калматай

Публикация от АРАЛАШ 🗞 МААЛЫМАТТАР (@aralash_maalymat)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости