www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектик дарыгер Минара Кулматова мыйзамсыз түрдө ишинен бошотулганын айтып, президенттен аны кызматына кайтарууну суранды. Бул тууралуу Vesti.kg жазып чыкты.

Анын айтымында ал №18-ҮБДТнун профкомунун төрагасы болуп эсептелет.

"Мен Минара Кулматова, 20 жылдык эмгек тажрыйбам бар, профкомдун төрагасы, ошондой эле Октябрь районунун профкомунун төрагасынын орун басарымын. Үстүбүздөгү жылдын 7-апрелинде мени башкы дарыгер Тилек Жантайбеков өзгөчө абал боюнча жарлыкка карабай мыйзамсыз түрдө кызматтан бошотуп жиберди. Ал өлкөдө ансыз да тынч эмес маалында мага куугунтук уюштурду.

Ал ушул жылдын февраль айында аларга мыйзамдуу сый акы берилбей калганы ага белгилүү болгондон кийин куугунтук башталганын түшүндүргөн.

"Февраль айында бизге депутат Аида Исмаилова башында турган комиссия келген. Мен анда 2019-жылдын 19-апрелинде жана 10-майында дарыгерлерге премия берилгенин уктум. Бирок, кызматкерлердин бул боюнча кабары болгон эмес. Башкы дарыгер премияны өзүнүн тааныш 11 кызматкерине берип коюптур. Алар өз кезегинде акчаны башкы дарыгерге өткөрүп бериштиптир. Андан кийин ал акчаларды башкы дарыгер эмне кылганы белгисиз. Жамааттык чогулуш болгон эмес, колдор эски күн менен коюлган. Мен профкомдун төрагасы катары бул маселени көтөргөнүмдөн кийин мага куугунтук башталды", - деген Кулматова.

Анын айтымында буга чейин Жантайбеков оор берене боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости