www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өзүнү Фейсбуктагы социалдык баракчасына медицина кызматкерлерине кайрылып, видеотасма жарыялады.

Депутат өз кайрылуусунда медицина каражаттары жетишпегендиги тууралуу айтып чыккан дарыгерди күч органдары куугунтуктап, аны кечирим суратып жатышканын, бирок бул такыр туура эмес экендигин айтты.

Ошондой эле,  азыркы кырдаалда дарыгерлер эмне жетишпей жатканын сөзсүз түрдө айтып тууруу керектигин кошумчалады.

“Эгерде, ошондой учурда сиздерге кандайдыр бир куугунтук болсо, жетекчилик тарабынан, күч органдары тарабынан, атайын кызматкерлер, милиция тарабынан ушундай боло турган болсо, сөзсөз бизге кайрылыңыздар. Бизге интернет аркылуу кат жазып коюңуздар. Биз сиздердин укугуңарды коргоп, мыйзам чегинде сиздерге эч кандай куугунтук болушуна жол бербейбиз...”,-дейт Жанар Акаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости