www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эммануэль Макрон:

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Аргентина улуттук кураманын чабуулчусу Килиан Мбаппени колдоду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Мбаппе - мыкты оюнчу, бирок ал жаш, мен ага 24 гана жаштасың дедим. Ал бул дүйнө чемпионатынын бомбардири болуп калды. Ал буга чейин чемпион болгон, эми финалга чыкты. Мен да ага окшоп кайгырып жатам. Команда бизди абдан сыймыктандырды, жыйынтыгында футболдук беттеште утулуп калдык. Бул спорт", - деп билдирген Франция президенти Эммануэль Макрон.

Анын айтымында, француздар биринчи таймда катуу утулуп калышты, бирок Килиан оюнду бура алды.

"Биринчи таймда биз көп утулуп калдык. Мындай учурлар буга чейин болуп келген, бирок бул футболдо сейрек көрүнүш. Укмуш. Мбаппенин кылганы укмуш, бирок бул бүт команданын эмгеги", - деген ал.

Айта кетсек, Аргентина курама командасы үчүнчү ирет Дүйнө чемпиондугун жеңип алды. Буга чейин аргентиналыктар 1978 жана 1986-жылдары турнирде жеңишке жетишкен. Алардын финалдагы атаандаштары – француздар 1998 жана 2018-жылдары дүйнө чемпиону болушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости