www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламент күнү бүтөргө аз калганда, мыйзамдарды пачкелеп бекитип каникулга кетти. Учурунда элге каршы мыйзамдарды кыргыз элине таңуулаган Арзыбек Кожошев өлкөдөгү “эшек бизнесин” өркүндөтүп ЕЭКке артын карабай безип кетти. Ал элди эстебеди, кудайды урбады, уятты унутту, намысты тебеледи, а бирок пайда чыкчу жерди унуткан жок:

 

Таң сыры

Обону: C. Жумалиевдики

Пародиясы:

Көрүшкөнчө көздөрүңдөн чагылган,

ЕЭК жакка салган менин көпүрөм.

Кыргыз эли сага барбай жаңылган,

Жетпей калып бир өзүңө өкүнөм.

 

Кайырма:

Кимге айтып күйүтүмдү,

Кимге барып өтүнөм.

ЕЭК ойлоп күнү-түнү,

Кимге айтып күйүтүмдү,

Кимге барып өтүнөм.

 

Таанышкыча табышмактуу ЕЭКгим

Тандап кеттиң Орусияны өлкөнү.

Таба албайм кайрылганда айт чынын

Артык бекен башка жердин көркөмү.

 

Кайырма:

Арбалсаң да бир келерсиң,

Ала-Тоону көргөнү.

ЕЭКмин деп эркелерсиң

Арбалсаң да бир келерсиң

Ала-Тоону көргөнү.

 

Кала берем мекенимде сени эстеп,

Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо.

Кыргыз жерге ЕЭК эми келбес деп

Көкүрөгүм жалын бүрккөн жанар тоо.

 

Кайырма:

Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,

Жаңырыгы жанар зоо.

ЕЭКгим деп мен түш көрөмүн,

Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,

Жаңырыгы жанар зоо.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости