www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лукашенко эмне үчүн Назарбаевке колун сунду?

Беларус, Казакстан, Украина жана Орусия 1991-жылга чейин ядролук куралдарга ээлик кылып келген. 1991-жылы СССР тараганда булар ядролук куралдарын Орусияга беришкен. Беларус президенти Александр Лукашенко Казакстандын экинчи президенти Токаев көңүл бурбай жаткан алгачкы президенти Назарбаевке туулган күнүнө карата телефон чалып, аны бекем ден соолук каалап куттуктады да, аны менен постсоветтик мамлекеттердеги болуп жаткан кырдаалдарды талкуулады. Назарбаев аябай толкуп кеттиби жашып жиберип, Беларус аймактарында болуп жаткан ал-ахыбалга терең кызыкты.
Жакында эле Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко постсоветтик өлкөлөр эгемендигин сактап калгысы келсе, белорус-орус союзуна жакындаш керек деп билдирген. Бүгүнкү күндө постсоветтик мейкиндиктин өлкөлөрү, албетте, өздөрүнүн эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын сактап калгысы келсе, Союздук мамлекети менен жакындашууга чын жүрөктөн кызыкдар болушу керек. Орусия менен Белорус глобалдык чакырыктарды биргелешип гана жеңе аларыбызга ишенишет. Бул тууралуу Беларусь жана Орусия региондорунун форумунун пленардык отурумунда көрсөтүлгөн видеокайрылууда айтты.
Анын айтымында, «дагы эле күмөн санагандар түшүнүшү керек: тез арада биримдик жана ынтымак болмоюнча, мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоосуз жана жөн гана адамдык мамилелерди бекемдөөсүз эртең биз жок болушубуз мүмкүн».
Азыркы этапта биздин Беларусь менен Орусиянын биримдиги интеграциялык процесстердин жалпы агымында локомотивдин ролун ойноп жатат. Бул маданий жана экономикалык мамлекеттер аралык кызматташуунун үлгүсү.
Ал эми Беларус президенти Александр Лукашенко түркиялык TRT телерадиокомпаниясына берген маегинде жаңы союзду түзүп жатып СССРде болгон катачылыктарды албай, жакшы нерселерди ала турганын билдирди.
Беларустун лидери Александр Лукашенко Орусия көп сандаган аскердик техника жана курал-жарак берерин жарыялады. Ал Бобруйск шаарында сүйлөп жатып Орусиядан жакында ондогон учак, абадан коргонуу системалары алып келинерин билдирди. Лукашенконун айтымында, курал-жарактардын арасында С-400 ракеталык системасы да болушу мүмкүн. Лукашенко аскердик техника кандай шарт менен берилерин тактаган жок. Ал ошондой эле Беларус менен Орусиянын интеграциясын талкуулоо үчүн орус президенти Владимир Путин менен жолугарын ырастады. Анын маалыматы боюнча, эки өлкө ортосундагы 28 интеграциялык жол картасына кол коюлат.
Соңку жылдары орус президенти Владимир Путин эки өлкөнүн интеграциясы маселесин утур-утур көтөрүп, Лукашенкону 20 жыл мурда түзүлгөн келишимди ишке ашырууга ишарат кылып келет. Орток валютасы, соту жана бажысы болгон союздук мамлекет түзүү боюнча келишим 1999-жылы 8-декабрда кабыл алынган. Бирок Лукашенко өз өлкөсү Орусиянын курамына кирбей турганын кесе айтып, көнбөй келген. Бирок былтыр августта Беларуста бийликке каршы жүрүштөр башталганда Лукашенко Орусия менен жакындап, эки өлкөнүн интеграциясы боюнча бир нече сүйлөшүү өткөргөн.
Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко жакында президенттик кызматынан кете турганын жарыялады. Мындай маалыматты «Коммерсантъ» басылмасы жарыялаган. Лукашенко качан кетет дегендей төлгө салуунун кереги жок экенин айткан президент: «Өтө жакында», - деп билдирген. Лукашенко ал үчүн мураскерине байланышкан маселе эң олуттуу экенин да айтты: «Беларусь эли кимди шайласа, ошол президент болот. Чындыгында эле ошондой. Чынын айтсам мен позициямды аныктай элекмин. Албетте, бул маселени карайм. Бул түбөлүктүү кызмат эмес да», - деген Лукашенко.
Эске салсак, буга чейин уулдарынан мураскер даярдабаганын айтканы бар. 66 жаштагы Лукашенко Беларусь өлкөсүн 1994-жылдан бери башкарып келет. 2001-2006-2010-2015-2020-жылдагы президенттик шайлоолордо жеңишке жеткени жарыяланган. Акыркы шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин Беларусь өлкөсүнүн аймагында нааразычылыктар менен коштолгон бир катар толкундоолор болду.
Литванын тышкы иштер министри Габриэлюс Ландсбергис Вильнюс Светлана Тихановскаянын кеңсесин Беларус демократиясынын расмий өкүлчүлүгү катары тааный турганын жарыялады. “Мындай жол менен Александр Лукашенконун режиминин мыйзамсыз экенин таануунун жаңы этабы башталды”, - деп Тихановскаянын кеңсеси билдирди. Литва Беларус оппозициясын расмий тааныган Евробиримдиктин алгачкы мүчөсү. Учурда Тихановская жетектеген оппозициянын өкүлчүлүгүн ачуу боюнча башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Буга чейин Польша жана Чехиянын бийлиги өкүлчүлүктөрдү ачууга макулдугун берген.
Беларуста былтыр август айындагы жыйынтыгы талаштуу президенттик шайлоодон бери саясий кризис уланып жатат. Демократиячыл күчтөр нааразылык акцияларды уюштуруп, бийлик аларга каршы басымды күчөттү. Он миңдеген адам камалып, бир катар оппозициячыл саясатчылар, активисттер өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Соңку шайлоодо оппозициянын атынан Лукашенкого атаандаш болуп Светлана Тихановская чыккан. Анын күйөөсү, оппозициячыл активист Сергей Тихановский Беларуста абакта отурат. Тихановскаянын өзү шайлоодон соң Литвага чыгып кеткен. АКШ, Европанын бир катар өлкөлөрү былтыркы шайлоонун жыйынтыгын жана Александр Лукашенкону мыйзамдуу лидер катары таануудан баш тарткан.
Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко инаугурациясы жашыруун өткөнүн айтып, анткени ал күнү белгисиз адамдар провокация уюштурууну пландап жатышканын билдирген. Маалыматка ылайык, Белоруссиянын лидери инаугурацияга чейин белгисиз адамдар провокация уюштурууну көздөп жаткандыгы жөнүндө маалымдалгандыгын айтты. Анын айтымында, белгисиз адамдар депутаттар келчү автобустун ичине Молотов коктейлин ыргытышмак: “Инаугурацияны жалпыга жарыяласак биз боолгологондон да жаман окуялар болуп кетмек. Депутаттар келе жаткан автобусту өрттөп жиберүүнү пландап жаткандар болуп жатканын угуп калдым. Эгер депутаттар ошол жерде өрттөнүп кетишсе эмне болмок? Ал эмнеге алып келмек? Мен эмне кылышым керек эле? Мен колумдан эмне келсе, ошону жасадым", - деди Александр Лукашенко.
Лукашенконун инаугурация аземи 2020-жылы 23-сентябрда Эгемендүүлүк сарайында өткөн. Алдын-ала жарыяланган эмес, ага 100гө жакын гана адам катышкан. Ант берүү аземи сыналгыдан көрсөтүлгөн эмес жана ММКларга да жарыяланган жок. Белоруссиянын мыйзамдарына ылайык, Лукашенко инаугурация жөнүндө эч кимге билдирүүгө милдеттүү эмес. Белгилей кетсек, бир канча өлкө лидерлери Лукашенконун бул кылганын туура эмес деп эсептеп, аны Белоруссиянын президенти деп таануудан баш тартышкан. Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская БУУнун Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрүнө атайын баяндама жасаган. Маалыматка ылайык, бейрасмий жолугушуу Беларустагы маалымат каражаттарынын эркиндигине арналган.
БУУнун атайын баяндамачысы Беларустагы журналисттер бирикмесинин маалыматына таянып, 2020-жылы Минск жана башка шаарларда башаламандыкты чагылдырган 450дөн ашык журналист полиция жана ОМОН кызматкерлери тарабынан кармалып, жүзгө жакыны камакка алынганын билдирген. Өлкөдө 50дөй интернет баракчалар жабылган. Тихановская жолугушууда сүйлөп жатып, эл аралык коомчулукту камактагы журналисттерди бошотууга салым кошууга чакырды. Ошондой эле Беларус оппозициясынын өкүлү Тихановская БУУнун Коопсуздук кеңешинин атайын жыйынын өткөрүп, Беларустагы кырдаалды талкуулоого үндөгөн.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости