www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда чет элдик жарандардын жүрүү мыйзамдуулугуна жана алардын миграциялык мыйзамдардын талаптарын сактоосуна көзөмөл күчөтүлдү. Дипломатиялык өкүлчүлүк кыргызстандыктарды Орусиянын мыйзамдарын так сактоону жана жасалган кылмыштар үчүн жазанын сөзсүз болушун эстен чыгарбоосун өтүнөт. Элчилик мекендештерди расмий документтерди (паспорт, айдоочулук күбөлүк) жана Орусияда жүрүүгө башка уруксаттарды, анын ичинде “каттоо” деп аталган тариздөөдө ортомчулардын кызматынан пайдаланбоого чакырат.

Ошондой эле Орусиянын аймагына кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде иш жүзүндө жашаган жери боюнча миграциялык каттоого туруу зарыл. 2021-жылдын 29-декабрынан кийин Орусияга иштөө максатында келгендер кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде милдеттүү мамлекеттик манжа изин каттоодон, сүрөткө тартуудан жана медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Орусия Федерациясынын Эмгек кодексине ылайык, иштөө үчүн иш берүүчү менен келишим түзүү зарыл. Өзүңүз менен кошо өзүңүздү тастыктаган документтерди, Кыргызстандын жаранынын паспорту жана Орусия Федерациясында жүрүү укугун тастыктоочу документтерди: миграциялык карта, OMS/VHI полисин алып жүрүңүз деп эскертет дипломатиялык өкүлчүлүк. Тез арада юридикалык жана консулдук жардам талап кылынган учурларда күнү-түнү иштеген ишеним телефонуна +79251155047 кайрылса болот.

 Орусиянын мигранттар Федерациясы менен ММУнун окумуштууларынын биргелешкен иликтөөсүнүн негизинде Орусиядагы орточо айлык кирешеси жердештерибиздики 47,1 миң  рубль болгон. Кыргызстандыктардын тапкан айлыктары орусиялыктардын орточо эмгек акысына чукулдап барган. Росстаттын билдирүүсү боюнча Орусиялактардын орточо айлыгы 54, 6 миң рублга барабар.
Мигранттар 64 суроодон турган анкетага жооп беришкен. Ар кайсы аймактардан 4,7 миң кишиден жооп алышкан. Суткасына 8 саат 22 пайыз гана мигранттар иштеп акча табышкан. Ал эми 27,5 пайыз мигранттар суткасына 10 саат эмгектенишсе, 10дон 12 саатка чейин 27 пайыз жердештерибиз Орусия үчүн иштеп беришсе, суткасынын тең жарымын же 12 сааттан көбүрөөк кулча майпаңдап калгандары же 27 пайыз  иштеп беришкен. Орусия мигранттар Федерациясынын жетекчисинин айтуусу боюнча 80 пайыз кыргызстандык мигранттар, мыйзамда каралган сегиз сааттык жумуш убагынан ашык иштеп беришет.
Иликтөөлөрдө караганда кыргызстандыктар негизинен орус тилин «эң жакшы» жана «жакшы» билишери аныкталды. Илктөөлөрдүн натыйжасында 2 пайыз кыргызстандыктар «эң жаман» деген баага татыктуу болгон.

Конкреттүү кыргызстандыктардын тапкан маянасына көптөгөн факторлор таасир этет. Адистигинен тышкары орус тилин билүүсү керек. 14 пайыз мигранттар, орус тилинен көп жакшы билбегендиктен, орус тилин дурус билгендерге караганда орто эсеп менен 11 миң сом аз айлык алган жерлерден иштешет. Ошондуктан орус тилин жакшы билүү да Орусияда көйгөйлүү маселе.
Барынан көп өлчөмдөгү вакансиялар курулушта жана  ремонттордо, андан тышкары логистикалык борборлордо жана базарларда, складдарда иштөө. Барынан эң төмөн айлык акылар коммуналдык жайларда жана айыл чарбасында.
Мындай болушунун себеби курулуш иштеринде жана транспортторго ремонт жасоо иштеринде, кошумча талап кылуулар бар. Алар жогорку квалификациялуу болууга тийиш. Кыргызстандагы атка минерлердин бюрократизмге батып мигранттардын документтери формалдуу болгондуктан, булар «көмүскө экономиканын» бир капшытынан орун алып келатат. «Көмүскө экономикада» айлык акы абдан эле төмөн төлөнөт.
Бирок көпчүлүк мигранттар ушул жайында ири шаарларга жакын жайгашкан дачалык жана коттедждик поселкаларда жакшы айлыктарда иштөөгө мүмкүнчүлүктөрдү алышты.  Көмөкчү чарбаларда тиешелүү жерлерди карап туруу үчүн күнүгө 3000 рублге чейин акча тапкандар болуп жатат. Бирок бул жайкы сезон учурунда эле, жайкы сезон бүтөрү менен мынча акча таба албай калышары бышык.
Орусия мигранттарынын башкы көйгөйлөрдүн бири турак-жай көйгөйү. Орусияга келген мигранттардын 80 пайызы үжүрөлөрдө жашашат, 71 пайызы үжүрөлөрдү убактылуу пайдаланат, ал эми 9 пайызы тааныштарындыкы же туугандарыныкында турушат. Мындай шарт иштөөгө мүмкүнчүлүк алышканы менен инфекциянын жайылып кетүү коркунучтары бар. Анын үстүнө коңшулардын каарына калышы мүмкүн.
Жумушчулардын тартыштыгы мигранттарды бөлүштүрүү учурунда ар кайсы тармактарда байкалат: мигранттардын көпчүлүгү курулушка барышат. Курулуштун жалпы саны көбөйүп, көптөгөн жаңы долбоорлор ишке аша баштады, ошондуктан курулушка болгон керектөөлөр тез көтөрүлүп жатат. 
Коммуналдык чарбаларда эң аз айлык акы төлөнөт, ошондуктан ал тарапка айласы жоктор гана барышат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости