www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз республикаснын өкмөтүнүн расмий сайты бар «www.gov. kg» деген аталыштагы сайттан өмөткө тиешелүү баардык маалыматты кыргыз жана орус тилинде алса болот. «Тоюс», болчу. Эми сайттын билермандарыбы же дагы бир кыйынчыкмаларбы теңирден тескери ушатып атышыптыр.

Кечээ жакында аталган сайтка кирип кызыктай бир жагдайга туш болдук. Дегенибиз, аталган сайтка кирип өкмөттүн «мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар» деген бөлүгүнөн маалымат алалы десек, кашайып алтармактагы маалыматтар бир гана орус тилинде экен, «Кечиресиз, бирок бул макаланы «русский» тилинде гана көрө аласыз» – деп бадырайып жазылып турат. Орус тилинде гана ачылат деп да жазган эмес. Андай жазууну башталгыч мектептин окуучусу да дептерине чиймелебейт.

Кыргыз тилин каалагандай кордоп, ашмалтайын чыгарып жазган өкүлдөргө наалат айткын келет экен, эй! Эмне же Өкмөттүн сайты кыргыз тилин «өкүрүп» туруп, көөмп салышканбы? Кыргыз республикасынын өкмөтүнүн маалыматын кыргызча ала албаганыбызга ардандык, ызаландык. Ушул маселени чечип коё турган, тескеп коё турган бирөө жокпу?!

Булак: “Де-Факто”

Последние новости