www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаардык кеңешине болуп өткөн шайлоо жыйынтыкталып жаткан кез. Мурдагы чакырылышта жеңишке жетишип, бирок мунасага келе албай “өзүн өзу тараткан” партиялар кечээги шайлоодо уттубу, же утулдубу? Мына ушул суроого назар салып көрөлү.

Тарап кетүүнү демилгелеген “Өнүгүүчүлөр” бир мандат ашыкча алса, алардын шериги “Ата-Журтчулар” тескерисинче 1 мандатынан кол жууп калды. “Келгиле иштейли” деп, кесиптештерин кайра-кайра сессияга чакырган КСДП партиясы да бир мандатынан кол жууса, анын ошол кездеги өнөктөшү "Кыргызстан” партиясы болсо эки мандатынан айрылды. Аркы-берки жээкке секирип аткан “Республикачылар” 3 мандатын өзгөртүүсүз сактап калды. Ал эми кечээги шайлоого жаңыдан катышкан “Мекеним Кыргызстан” партиясы 4 мандатка ээ болуп, алдыга озуп чыкты.

Мурдагы шайлоодо “Ата-Мекен” менен “Улуу Кыргызстан” партиялары 7%дык босогону аттай албай сыртта калган болсо, бул жолу “Бүтүн Кыргызстан” партиясы мына ушундай тагдырга туш болду. Алдын ала маалыматтарга караганда, Адахам Мадумаровдун партиясына 25 000ге жакын шайлоочунун эки жүздөйү гана ишеним көрсөткөн.

Байкоочулардын айтымында, былтыркы шайлоого салыштырмалуу бул жолу шайлоочулардын активдүүлүгу байкалган. Маселен, мурдагы шайлоого 16 820 шайлоочу катышкан болсо, кечээги шайлоодо 24070 жаран добуш берген. Эскерте кетсек, КСДП партиясы мурдагы шайлоого салыштырмалуу бул жолу үч жуздөй ашыкча добушка ээ болду.

PS; Маалыматтар БШКнын эрте менен тараткан маалыматтарынын негизинде даярдалды.

Маалымат Тургунбай алдакуловдун Фейсбук баракчасынан алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости