www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушундай аталышта Фейсбуктагы баракчасын жарыялаптыр. Илгерки «Издейм сени» ырдын обонун салып ырдасаңар болчудай... Анда эмесе, Нурланбек мырзанын ырына көңүл буралы!

Издейм сени

«Издейм сени арасынан элдердин,
Далай жылдар журт башына келбедиӊ.
Жалаӊ гана жеп-ичерлер жетелеп,
Мекенимдин ыйлап турган кербези.

Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Боршайкомго ар бир арыз бергендин.
Калыстык жок, ынтымак жок заманда
Кыйын беле эл башына келмегиӊ?

Жулкунбаган кандай сенин жоругуӊ,
Журт деп күйгөн адам көрбөй оорудум.
Кайда барба коррупция кашайтып,
Ата-Журттун азууда «ден-соолугу».

Жөпжөнөкөй, көөнө бекен көйнөгүӊ,
Көпөс, байлар арасынан көрбөдүм.
Табылаарсыӊ зор бакыттын өзүндөй,
Кагылайын, элдин уулу, өлбөгүн!

Эл деп жашоо зор бакыттын өзүдүр,
Кыргызымдын кыз-уулдары, өлбөгүн!»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости