www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Максат Сабиров башка мамлекеттерде калкка акчалай жардам берилип жатканын айтып, эмне үчүн биздин өлкө акчалай жардам бере албайт деген суроону өкмөткө узатты.

Депутаттын суроосуна премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бюджет керек деп жооп берди.

“Казакстанда “үйдө отургула” деп ар бирине 100 доллардан таратышты. Эгер биз 100 доллардан таратсак 94 миң керек. Азык-түлүк менен эффективдүү болот деп ойлом. Акчаны алганда, бары бир ал азык-түлүк сатып алганы дүкөнгө барат. Ошондо “үйдө отур” деген принцип бузулат”,-деди премьер-министр.

Депутат максат Сабиров акчалай бериш керектигин айтып, азык-түлүктөрдү таратууда өзүнчө бизнес болуп жатканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости