www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Казакбаев өкмөткө өзүнүн сунуштарын айтып өттү.

"Учурда акыбал кыйын экенин бардыгыбыз билебиз. Эгерде өкмөткө ишене берсек, эч кандай жыйынтык чыгара албайбыз.

Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич, бардык колдон келген аракетиңизди кылып жатасыз. Бирок, эч качан "жалгыз дарк бак болбойт". Өзүңүздүн билимиңизден жана тажрыйбаңыздан өйдө чыга албайсыз. Баардыгыбыз айтып жатабыз: "Ынтымак, ынтымак менен жасайлы" деп.

Пандемия келгенден бери басма сөз каражаттарына саясий партиянын лидерлери, аналитиктер, программистер ж.блар кандай гана программаларды берип жатты. Өкмөт кеңештерди түзүп, оппозициялык же позициялык болобу белгилүү саясатчыларды жана бизнесмен Аскар Салымбеков, Чынбай Турсунбеков, Өмүрбек Бабанов ж.бларды чакырып  элдин алдына чыкпайсыздарбы? Алар менен тегерек стол кылып сунуштарын укпайсыздарбы?", - деди Казакбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости