www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 1-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Тик Токту көзөмөлгө алуу маселеси көтөрүлгөн. Коомчулукта талкуу жаратып, айрымдары жабууну сунуштасы кээ бирлери тескерисинче колдобой турганын билдиришкен. Бул тууралуу ырчы Бек Борбиев да өз пикирин социалдык баракчасына жазды.
"Тик Ток бул Фейсбук, Инстаграмга окшогон эле тиркеме. Жакшы жагынан колдонуп, сабак отуп, ыр окуп, ырдап, диний сабат жоюп аткандар абдан көп. Ооба, акылдуу приложение, эмнени көп көрсөң, ошого окшош маалыматтар көрүнө баштайт. Жаман негатив көргүң келсе алар дагы уламдан-улам чыга баштайт. Жашоодогудай эле, эмнени издесең, ошону табасың.
Андыктан кеп тиркемеде эмес, биздин башыбызда.
Жабабыз десеңер анда жалпы интернетти жапкыла. Анткени "жаман" нерсени ар бир тиркемеден тапса болот", - деп жазды Борбиев.
Булак: NazarNews.kg