www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмомали Рахмон дүйнө өлкөлөрүнө кайрылуу жасады

Дүйнө Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантып, аны жалгыз калтырбашы керек. Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө билдирди.

«Тараптар коңшулаш Ооганстандагы учурдагы кырдаал боюнча пикир алышты. Мамлекет башчысы эл аралык коомчулуктун Ооганстандын көптөн бери азап чегип жаткан элине гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантуусу жана аларды азыркы оор кырдаалда жалгыз калтырбоо зарылдыгын белгиледи», — деп айтылат маалыматта. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Тажик тарап бул процесске тиешелүү салымын кошууга, анын ичинде мындай жардам көрсөтүү үчүн өлкөнүн материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоого даяр экендигин маалымдады.

Рахман БУУнун Ооганстандагы жардам миссиясынын маанилүү ролун белгилеп, уюм жана ага тиешелүү түзүмдөр мындан ары да ооган проблемасына керектүү көңүл бура берерине ишеним билдирди.

Ошондой эле Эмомали Рахмон Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын төрагасы Абдулла Шахид менен жолугушууда Тажикстан Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга даяр экенин айтты.

Мындан тышкары, тараптар терроризмге жана экстремизмге, баңги аткезчилигине жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө БУУ өлкөлөрүнүн кызматташуусу зарыл экендигин белгилешти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости