www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Михаил Горбачевдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты. бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы билдирди.
«Михаил Сергеевич Горбачевдун дүйнөдөн кайтканын кайгыруу менен кабыл алдык. Биз маркумдун бардык жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтып, колдоо сөздөрүн айтабыз. Ушул кайгылуу сааттарда биз аларга руханий бекемдик жана сабырдуулук каалайбыз”, - деп айтылат тажик президентинин телеграммасында.
СССРдин экс-президенти Михаил Горбачев 92 жашында Москванын борбордук клиникалык ооруканасында каза болду. Борбордук клиникалык оорукананын маалыматы боюнча, ал узакка созулган оорудан кийин шейшемби күнү каза болгон.
Белгилей кетсек, Горбачевдун сөөгү Новодевичье көрүстөнүндө жубайы Раиса Горбачеванын жанына коюлат.
Маркумду акыркы сапарга узатуу датасы азырынча тактала элек. Россия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Михаил Горбачевду мамлекеттик акыркы сапарга узатуу боюнча азырынча чечим жок экенин билдирди.
«Азырынча так айта албайм. Бүгүн бул маселе каралат. Чечим кабыл алынат. Азырынча эч кандай чечим кабыл алына элек», — деди Песков журналисттерге «Интерфакстын» тиешелүү суроосуна жооп берип жатып.
Ал ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путиндин акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуусу боюнча комментарий берди.
«Баары кандай болорун азырынча билбейбиз. Жол-жобосу туугандарынын жана досторунун каалоосуна жараша болот. Азырынча маалымат жок», - деп кошумчалады ал.
Михаил Горбачев КПСС Борбордук Комитетинин акыркы Башкы катчысы, ошондой эле Советтер Союзунун биринчи жана жалгыз президенти болгон.
Булак: NazarNews.kg