www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министринин бардык орун басарлары кызматтан бошотулду. Өкмөттүн тиешелүү токтому 15-июнда жарыяланды. Бул тууралуу Бобордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

5-майда президент Эмомали Рахмон саламаттык сактоо министри Насима Олимзоданы иштен алган. Анын ордуна "Истиклол" медициналык борборунун директору, Тажик мамлекеттик медициналык университеттин жалпы хирургия кафедрасынын профессору Жамолиддин Абдуллозода дайындалган. Министр өлкө бийлиги коронавирус бар экенин жаңы мойнуна алып, коомчулук жана медициналык кызматкерлер илдетке каршы күрөшүүдөгү министрликтин чабал аракетин кескин сынга алган маалда отставкага кеткен.

Рахмондун башка бир токтомуна ылайык, Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитетинин орун басарлары да жумуштан бошотулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости