www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөдө далилденген эң көп жаратылыш газ резервине ээ өлкө 33, 5 триллион метркуб менен Иран болду.
Орусия 32, 3 триллион метркуб жаратылыш газ резерви менен экинчи орунду алса, үчүнчү орунду 24, 3 триллион метркуб газ резерви менен Катар алды.
«BP 2017 Дүйнөлүк энергетика статистикалык көрүнүш отчетунан» берилген маалыматка караганда дүйнөдө 186, 6 триллион метркуб далилденген жаратылыш газ резерви бар. Бул резервдин базарга 50 жылдан ашуун убакытка жетери күтүлүүдө.
Эң көп жаратылыш газ резерви 79, 4 триллион метркуб менен Жакынкы Чыгыш аймагында орун алды.
Жакынкы Чыгыштан кийин 56, 7 триллион метркуб резервге ээ Орусия менен Түркмөнстан да ичинде болгон Европа жана Евразия аймагы келди. Эң аз жаратылыш газ резервине ээ аймак болсо 7, 6 триллион метркуб менен Түштүк жана Ортоңку Америка болду.
Глобалдык энергия базарларында өткөн жылы эң көп жаратылыш газ өндүргөн өлкө 749, 2 миллиард метр куб менен АКШ болгон. Ушундайча өткөн жылы жалпы дүйнөдө базарга сунушталган жаратылыш газдын 21 пайызы АКШда өндүрүлдү. Бул өлкөдөн кийин 579, 4 миллиард метркуб менен Орусия келди.
Иран болсо дүйнөнүн эң көп жаратылыш газ резервине ээ өлкөсү болгонуна карабастан өндүрүштө 202, 4 миллиард метркуб менен үчүнчү орунду алды.
Булак: "trt.net.tr"