www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атасын батыра албаган уул

Жаңы гана үй-бүлө куруп түтүн булата баштагам. Бирок, үйдө улгайган атам чогуу жашагандыктан, аялым экөөбүздүн ортобузда жаңжалдар чыга баштады. Ал кайнатасын жактырбай, атамдын бул үйдө ашыкча экенин ар-дайым айта берчү. Уруш-талаш айрым учурда сабыр жетпеген чекке жетчү. Ушундай жаңжалдын биринде, аялым же мен кетем, же атаңды кетир деген талап койду. Аялым менен канчалык урушпайын жакшы көрчүмүн. Кантсе да ысык-суукту бирге кечиргенибизге беш жыл болуп калган эле. Акыры, өз башымча жол издей баштадым. Акыры, алыскы шаарчада карылар үйүнө алып барууга бүтүм чыгардым. Жумасына бир жолу барып, муктаж болгон нерселерин алып берип турам деп ойлдум.

Жолго даярданып, атамдын керектүү буюм-тайымдарынын баарын алдым. Эми жолго чыгайын деп атсам өзүмдүн төрт жаштагы уулум да кошо ээрчип алды. Эшикте кыштын ызгаардуу суугу күчүнө келип турган учур эле. Үчөөбүз жолго чыктык. Уулум жолдо баратып улам кайда баратабыз деп сурап жатты. Мен болсо жооп бере албай, шилекейиме муунуп бара бердим. Атам да ичинен эзилип ыйлап, анысын билгизбөөгө аракет кылып баратканын байкадым.

Бир нече саат жол жүрүп, акыры карылар үйүнө жеттик. Атамдын төшөнчү, буюмдарын түшүрүп, акыры атамды да алып түшүп карылар үйүнө киргиздим. Муздак бөлмөгө киргенде үшүй баштады. Муну көрүп, чыдай албай жашым ичтен сызылып ыйлап кетенчиктей артка бастым. Артка баскан сайын дүйнө башыма көчүп бараткандай сезилди. Уулум болсо, мени карап, абалды түшүнө албай турду. Акыры кете турган убак келди, кечирим сурап, баламды жетелеген боюмча сыртка чыктым. Машинага түшүп, жүрүп-жүрбөй ыйлай баштадым. Уулум да кошулуп ыйлап, эмне үчүн чоң атамды суук жерге тыштадың деп жүрөгүмдү ого бетер эзе баштады. Мен болсо эч кандай жооп таба албай энтигип бараттым. Бир убакта суроосуна өзү жооп тапкандай мени карап, ата сиз картайганда мен да сизди ушул жерге алып келемби? деп сурады.

Бул сөз, башыма аска таш болуп кулады. Кантип унааны артка буруп, атамды кучактап ыйлап жатканымды да билбей калдым. Ата мени кечир! Ата мени кечир деп ыйлап жаттым... Атам да ылайыктуу жоопту минтип берди: Кайра келээриңди билгем уулум, мен атамды карылар үйүнө таштабадым, сен мени кантип таштамак элең...
Ата-энебизди карылар үйүнө таштагандан мурун өзүбүз ташталып калуубузду ойлонолу!

Булак: "insan.kg"

Последние новости