www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мени кечир, уулум...

Балдарды ыксыз жемелеп, урушуу– адамдыгы жолго коюлбаган башы кара, буту айрынын иши. Чыныгы ата – өрнөктүү ата экендигин унутпасак!.. (Дейл Карнеги) 
 

Сөзүмө кулак сал, уулум! Буларды сен мемиреп терең уйкуда жаткан кезде айтып жатам. Болпойгон колдоруңду жаагыңа коюп, жыбылжып тердеп турасың. Бөлмөңө, бир ууру сыяктуу байкатпай кирип келдим. Бир канча мүнөт мурда китепканада гезит окуп отуруп, өз айбандыгымды байкап, кайгым кара тумандап, дем алдырбай муунткан бир толкун сыяктуу жандүйнөмдү арбап алды. Бир күнөөкөр өңдүү сенин жаныңа келдим. Эмнелерди гана ойлонбодум дейсиң, уулум? 

Эртең менен эртелеп эле сага ачууландым… Мектепке баруу үчүн кийинип жатканыңда, сени жүйөөсүз себептер менен урушуп кемсинттим. Анткени, бетиңди чала аарчыптырсың. Бут кийимдериңдин кир болгонун көргөнүмдө, катуу жемелеп тазалаттырдым. Буюмдарыңдын жерде чачылып жатканын көргөнүмдө, каным кайнап, сага кыйкырдым. Тамактанып атканда, күкүмдөрдү түшүрүп, чайды төгүп алгандыгың үчүн урушуп, ачуумду сенден чыгардым. Ансайын сенин мага ызаланып, жан дүйнөңдүн куурулуп аткандыгы менен ишим да болбоду. Мен шашылып жумушка баратканда, сен досторуң менен ойноп жүрүптүрсүң. Мага карап: «Жакшы барыңыз, атаке!» – деп кол булгаладың. Мен болсо кабагымды чытып, ооз ачканга да жарабадым. 

Кечкисин үйдөгү маанай дагы эле супсак эле. Үйгө келе жатсам, досторуң менен чуркап ойноп жүрүптүрсүң. Бутуңдагы кымбат баалуу байпагыңдын жыртылганын көрүп, досторуңдун алдында аябай кемсинттим, жемеледим. 

Ойлончу уулум, буларды сага атакең айтып жатат. Эстедиңби? Андан кийин башыңды жерге салып, сабак даярдоочу бөлмөңө жөнөдүң. Көздөрүңдүн жалыны өчүп, өңүң купкуу эле. Артыңдан кирип, сени теше тиктегенимде, сен чыгып кетүүгө шашылдың. «Эмне болду, токтогун?!» – деп кыйкырдым. Эч нерсе айтпастан, жаныма келип мойнумдан кучактап, өөп, ыйлап жибердиң. Өпкөң көөп ыйлап, эшикти көздөй чуркап чыгып кеттиң. Колумда турган китебиң жерге түшүп кеткенин да байкабай калыптырмын. Мага эмне болду?.. Сенин кемчиликтериң гана көзүмө көрүнөт. Атайылап издегендеймин… Ата сөрөй катары мен сени сүйбөгөндүгүмдөн эмес, өтө эле көп нерсе күткөндүгүмдөн ошондой болуп жаткандыгын байкадым. Мен сени өз доорумдун талаптарына ылайык көрүп атканымды эми гана байкадым. Көрсө, сенин дооруңдун талабы таптакыр башка турбайбы?! Болбосо, сенин жакшы жактарың абдан көп. Жүрөгүң таза. Менин сага кыйкырганыма карабай, келип кучактап өпкөнүң мунун далили. Бул түнү мен буга чейин кетирген акмакчылыктарымды сезип, төшөгүңдүн жанында тизе бүгүп, уялып отурам. Буларды сен ойго кезде айтып түшүндүрө албайм. Бирок, эртеңден баштап татыктуу, сен сыймыктанган, өрнөгү менен тарбиялаган, жароокер ата болууга ниеттенип, өзүмө сөз бердим. Сени менен жакшы нерселер жөнүндө сүйлөшүп, ойноп, кубансаң кубанам. Оозумдан жаман сөздөр чыгарда, тилимди тиштейм. Сенин жаш бала экениң, улууларды көрүп калыптана тургандыгың анык эмеспи… Кечээ эле апакеңдин боорунда жаткан наристе элең. Башыңды ага жөлөп, мемиреп уктаган мезгилдериң көз алдымда.

Сейитбек Идирисов. Формула.

Булак: "insan.kg"

Последние новости