www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын Оффенбахе шаарында стоматолог дүйнөдөгү эң узун тишти сууруп чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жарыялады.
Маалыматка караганда, 2018-жылдын сентябрь айында 63 жаштагы аксакал Макс Лукас аттуу дарыгерге тишинин катуу ооруп жатканын айтып кайрылып, дарыгер тишти жулуп алуу боюнча операция жасаган. Аксакалдын тишинин төрттөн бир гана бөлүгү сыртка чыгып турган.
Тиш жулунуп алынгандан кийин анын узундугу ченелип, анын 37,2 миллиметрди, башкача айтканда 4 сантиметрге жакын экендиги аныкталган. Дарыгер бардык зарыл болгон документтерди чогултуп, тишти Гиннес китебине жиберген. Атайын текшерүүдөн кийин тиш дүйнө жүзүндөгү адамдын эң узун тиши деп табылган.
29-октябрда дарыгерге Гиннес китебинин сертификаты тапшырылган. Лукас ал сертификатты кабинетинин көрүнүнктүү жеринен илип коерун айтты. “Бул рекордду дүйнө жүзүндөгү тиш доктурлардын бары билсин”,-дейт Лукас.
Булак: NazarNews.kg