www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн сутка ичинде 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу маалыматты саламаттыкты сактоо министри Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Өткөн суткада COVID-19 илдетинен каза болгон 3 бейтап тууралуу маалымат.

- 1958-жылы туулган эркек киши Ысык-Көл облусунун Түп районунун жашоочусу. Ал 15-июндан тартып инфекциялык бөлүмдө дарыланып, абалынын начарлашынан улам кислороддук аппаратка кошулган. Диагнозу: оң жак тараптуу пневмания, курч мүнөздө турган жүрөктүн иштеши.

- 1961-жылы туулган аял киши Ош шаарынын жашоочусу. Ал 15-июнда Ош облустук клиникалык ооруканасында болгон. Бардык көрүлгөн чараларга карабастан, кечээ күнү каза болуп калган.

- 1959-жылы туулган эркек киши Кара-Суу районунун жашоочусу. 17-июнда анын дене табы көтөрүлүп, жөтөл жана дем алуунун кыйындашы болгон. Буга чейин ал курч инфаркт жана гипертониялык оору менен каттоодо турган. Анын өлүмү курч дем алуу оорусунан келип чыккан.

Бул учурлар менен көз жумгандардын жалпы саны 35ке жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости