www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Сутка ичинде өлкөдө 439 жарандын анализинен коронавирус илдети бар экени аныкталды. Муну менен республика ичинде ооругандардын саны 5 миң 735ке жетти. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Бишкек шаары – 195;
Чүй облусу – 175;
Ош шаары – 5;
Ош облусу – 5;
Нарын облусу – 10;
Жалал-Абад облусу – 24;
Талас облусу – 12;
Баткен облусу – 13.

Жаңы катталган 439 адамдын ичинен 4 бейтап сыртан келген, калган 435и тастыкталган учурлар менен байланышта болгондор.

Стационарда – 750; алардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө – 19; үй карантининде дарыланып жаткандар – 2 миң 480.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 3 миң 281ди түздү, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 21 миң 145 адам (бул көрсөткүч эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).

Буга чейин өлкөдөгү коронавирус боюнча эң жогорку көрсөткүч 27-июнда катталган эле. Анда 309 адам илдет жуктуруп алганы аныкталган.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости