www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин менен Беларустун президенти Александр Лукашенко 30-июнда Ржев шаарында советтик жоокердин мемориалын ачышты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Тверь облусуна караган аймакта 1941-43-жылдары советтик жана немис жоокерлеринин ортосунда айыгышкан кармаш болуп, союздук өлкөлөр тараптан эле миллиондон ашуун адам өлгөн.

Ржев шаарындагы эстеликтин ачылышына Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышарын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева 24-июнда билдирген. 25-июнда Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул билдирүүнү четке кагып, аталган иш-чарага президент Жээнбековдун катышары пландалбаганын маалымдаган. Андан кийин жергиликтүү агенттиктердин бири Стамалиевага шилтеме кылып, мамлекет башчынын Россия сапары эпидемиологиялык кырдаалга жараша болорун жазган.

Эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн кайчы билдирүүлөрү, ошондой эле Жээнбековдун 24-июнда Москвага барганы менен андагы парадга катыша албай калганы коомчулукта түрдүү сурооллорду жана пикирлерди жараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости