www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Пристань-Пржевальск айылында 17 жаштагы жаш жигит өз жанын кыйды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда журналисттерге жергиликтүү тургундар кабарлашты.

Алардын айтымында, каза болгон жаран К.А. 30-майда үйүндөгү сарайга асынып алган, анын сөөгүн энеси тапкан. Маркум 9-класстын негизинде К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжине өткөн. Ал быйыл 1-курсту аяктаган.

“Каза болгон бала үйдүн эң кичүүсү болчу. Ал 30-майда дайынсыз болуп жаткан. Баланы ата-энеси көлдүн жээгинен издеп жатышкан. Бирок апасы эртең мененки саат 5тер чамасында сарайга кирип, ал жерден уулунун сөөгүн тапкан”,- дешет жергиликтүү тургундар.

Ал эми Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов бул маалыматты тастыктап, соттук-медициналык экспертиза дайындалганын айтты. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости