www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн резиденциясында нааразычылык акциялары жүргөн учурда бункерге жашынып алган. Бул тууралуу The New York Times кабарлады.

Белгилей кетсек, Миннесотадагы Миннеаполис шаарынын полиция кызматкерлери кармап жатканда каза болгон афроамерикалык Джордж Флойдго Америка Кошмо Штаттарынын көп жерлеринде массалык нааразычылык акциялары башталган.

30-май күнү кечинде АКШнын борбору Вашингтондо жүздөгөн демонстранттар Ак үйдүн, президенттин резиденциясынын алдына укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ар кандай буюмдарды ыргыта башташкан.

Ошол учурда Трамп, анын жубайы Мелания жана алардын 14 жаштагы уулу Баррон жашыруун кызмат тарабынан бункерге алынып келинди - бул Ак үйгө коркунуч туулганда, президентти коргоо протоколу. Демонстранттар тарап кеткенге чейин Трамп жубайы жана баласы менен бункерде бир сааттай турушту.

New York Times президенттин резиденциясынын алдындагы бункер 2001-жылдын 11-сентябрынан бери колдонула электигин - АКШнын ошол кездеги президенти Жорж Буш менен вице-президент Дик Чейни кол салуулар учурунда ошол жерде жашынып турушканын белгилейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости