www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үч жашар бала Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жеткирилип, бир нече сааттан кийин каза болгон. Бул маалыматты Бишкек ШИИБи тастыктады.
Белгиленгендей, 13-ноябрда саат 09:00дөр чамасында Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасына 2019-жылы туулган А.А., жаткырылган. Ошол эле күнү түштөн кийин "Тез жардам" кызматы менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которулуп, кечинде каза болгон.
Баланын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим чыгарылат.
Айрым маалыматтарга караганда, баланын ата-энеси анын өлүмүнө дарыгерлерди күнөөлөшүүдө.
Булак: NazarNews.kg