www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милиция кызматкерлери кармалган укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Сапарбек Аргымбаевди мас абалында болгон деп эсептейт. Бул тууралуу журналисттерге Азиза Абдирасулова билдирди.
Анын айтымында, кармоо учурунда ал жыгылып кетип, аны жерге сүйрөп башташкан.
«Мен келгенде Максим Горький аянтына баргыла дешти. Бирок менден эмнени каалап жатышканын башында түшүнгөн жокмун. Кийинчерээк бир милиция кызматкери Сапарбек Аргымбаев мас болгонун айтып, анан мен да мас экенминди айта баштады. Эки бутумда протез бар экенине карабай сүйрөп кетишти», - дейт Азиза Абдирасулова.
Саясий туткундардын укугун коргоо комитетинин жетекчиси Сапарбек Аргымбаев аны медициналык текшерүүгө алып кетишкенин билдирди. Экспертиза анын сергек экенин көрсөттү.
Укук коргоочулар бүгүн Ак үйдүн жанынан кармалды.
Буга чейин укук коргоо кызматкерлери Азиза Абдирасуловадан Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маалыматты социалдык тармактарга жарыялабоону суранган.
Эске салсак, 2022-жылдын 22-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирди.
23-октябрда массалык камакка алуулар башталды. Бийлик башаламандыкка даярданган деген айып менен 26 адамды түрмөгө камады.
Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Кыйноого каршы дүйнөлүк уюм (OMCT), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR), Freedom Now сыяктуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары жана башкалар, Кыргызстанда камакка алынган саясатчыларды жана активисттерди тез арада бошотууга чакырган билдирүү таратты.
Орет и обвиняет, что его матерят. Но его не матерят pic.twitter.com/Og2ZTxkTFB
— aidaeza (@kamiladotter) November 15, 2022
Булак: NazarNews.kg