www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров президент менен ИИМ министрине кайрылуу жасады. Анын тексти төмөндө толугу менен: 

Урматтуу КР Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич!

Урматтуу ИИМ Министри Ниязбеков Улан Омоканович!

Ушул унаа менен 2 жигит күнү-түнү мени тынбай ээрчип жүрүшөт. Кээде номерин алмаштырып коёт. Расмий органдардан деп башында туура кабыл алдым. Эки жолу чыгым болбой 1 эле унаа менен жүрөлү деп кеңешейин десем, качып кетишет.

Бирок тергөөчүгө чалып сурасам «бизден эмес» деп так жооп берди. Ошол себептен коопсуздугум үчүн расмий кайрылам. Өз көзөмөлүңүзгө алып коюуңузду суранам, - дейт Руслан Бекназаров.

Белгилей кетсек, Руслан Бекназаров 14-сентябрда Facebook баракчасы аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясын жайылткан деген жүйөө менен камакка алынган. 2-ноябрда соттун чечими менен үй камагына чыккан.

Эске салсак, 14-ноябрда Бишкек шаарына караштуу Свердлов районунун акиминин биринчи орун басары Руслан Бекназаров ээлеген кызматынан өз эрки менен кеткен.

Бекназаров аталган кызматка ушул жылдын июнь айында дайындалган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости