www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Прокуратура алгач саламаттыкты сактоо министрине коррупция боюнча кылмыш ишин козгоп, анан кайра жаап салды. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү экс-саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишин жапкан прокурор жазаланабы деп сурады.

"Азыр мурунку саламаттыкты сактоо министри башка жакта иштеп жатат. Министрге иш козгогон прокурор жазасын алабы?" — деп сурады Атазов.

Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Мирлан Майтпасов бул тууралуу маалыматым жок, кат түтрүндө жиберем деп жооп берди.

"Башкы прокуратура иш козгоп, анан кайра кое береби? Анда маалыматы барлар келсин", - деди Атазов.

Эске салсак, июнь айынын башында Алымкадыр Бейшеналиевге жети эпизод боюнча кылмыш иши козголгон. Буга байланыштуу ал саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулган. Ал СИЗОго киргизилип, бирок 16-июнда сот аны үй камагына чыгарган. 

16-августта COVID-19га каршы вакциналарды сатып алуунун негизинде козголгон иштин курамында кылмыштын элементтери жок болгондуктан токтотулган. 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу калган алты кылмыш иши боюнча учурда Ички иштер министрлиги тарабынан тиешелүү процессуалдык аракеттер көрүлүүдө.

19-августта Бейшеналиев министр кызматынан бошотулуп, «Алтын Балалык» ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборунун директору болуп дайындалган.

Ал эми, 1-ноябрда мурдагы министрге карата козголгон кылмыш иштердин бардыгы токтотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости