www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-ноябрда Бишкектеги Максим Горький атындагы сквер-паркында Кемпир-Абад суу сактагынчынын Өзбекстанга өтүүсүнө каршы митинг өтүүдө.

Митингге жалпысынан 30дан ашуун активисттер катышты. 

Алардын Жогорку Кеңештин депутаттарына коюлган негизги талабы Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүп бербөө. 

Акция алгач Ак үйдүн алдында башталып, Максим Горький паркында уланды. Анткени, укук коргоочулар Ак үйдүн жанында 3-декабрга чейин митинг өтөрүүгө тыюу салынганын эскертти.

Буга кошо тартипти көзөмөлдөгөн 10дон ашуун милиция кызматкерлери жүрөт.

Митингдин катышуучулары, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча өздөрүнүн пикрилерин жана талаптарын коюшту:

15-ноябрдан тарта күн сайын саат 13:00дөн баштап митинг өткөрүү;

Жогорку Кеңштин депутарттары Кемпир-Абадды Өзбекстанга бербесин;

Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын баары бошотулсун.

Ошондой эле, алар эгерде Кемпир-Абад боюнча активисттерге куугунтук жана басым токтобосо президент Садыр Жапаровдун отставкасын талап кылаарын айтышты.

Белгилей кетсек, митинг учурунда милиция кызматкерлери укук коргоочу Азиза Абдирасулованы кармап кетишти.

Буга чейин Абдирасулова өзү Facebook баракчасына аны Ички иштер министрлигине сүйлөшүү үчүн чакырышканын билдирген. Милиция кызматкерлери ага карата сылык мамиле жасаганын айткан. Анын коомдук-саясий, анын ичинде Кемпир-Абаддагы социалдык тармактардагы ишмердүүлүгүнө нааразычылыктар болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости