www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бекжан Темирхан каза болгон кан жолдун каргашалуу тарыхын жергиликтүү тургун Муратбек Жетимишбаев айтып берди.
Мына мен кан жолдо, Бекжан деген инибиз жакында эле жол кырсыгынан каза болгон жерде турам. Буга чейин Майра Керим кызынын уулу Акжолтой да ушул жерден жол кырсыгынан каза тапкан. Эми болсо жаш ырчы Бекжан Темирхан өтүп кетти. Мен эстардага кызыкпайм, бирок, Бекжан каза болгондон кийин ырларын угуп көрсөм, таланттуу бала болгон экен. Ырларын жакшы тандап, сөздөрүнө маани берип, кайсы чыгармасын аткарбасын жан дүйнөсү менен берилип ырдаганын баамдадым.
Кырсыкка кабылган унаа аябай катуу ылдамдыкта келе жатып, тосмону сүзүп, ылдый көздөй тоголонуп кеткен. Ушул жер негизи кандуу жер. 1983-жылы 3-январда автобус кырсыкка учурап, 30дан ашуун адам каза болгон. Автобустун ичинде 60та ашуун адам болгон. Жети-Өгүз районунун бир канча айылдарынын тургундары кан жутуп, аза күтүп калган. Биздин айылдын эки тургуну да көз жумган", - деп билдирди Муратбек Жетимишбаев.
Булак: NazarNews.kg