www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги республикалык ооруканада Тогуз-Торонун Макмалынын келген элүү бештерге келип калган кара тору келин менен бир палатада чогуу жатып калдык. Ал адегенде эч ким менен сүйлөшпөй, эч кимге кошула албай өзү менен өзү болуп жүрдү. Убакыт өткөн сайын бара-бара тил табышып дегендей сырттан бир туугандарыбыздан келген тамактарды чогуу ичип сырдашып кеттик. Бир палатада төрт аял жатчубуз, бир жолу түштө тамак ичип отуруп, сөздөн сөз чыгып, акыры жыландар темасына өтүп кеттик. Алиги келин көпкө чейин сөз сүйлөбөй кабагын бүркөп өзүнчө тымпыйып калды.
-Сага эмне болду, эмне сөзгө кошулбай калдың? - бардыгыбыз ага суроолуу карадык. Ал дагы бир топко унчукпай турду.
-Жылан жөнүндө сөз болгондо же телевизордон, кинолордон жыландарды көргөндө өзүмчө эле жаман боло берем..., ал дагы унчукпай калды.
- Жыландарды мен ушунчалык жек көрөм, бирок тийбейм. Бул окуя тээ илгери болгон. Макмалдагы биз турган үй комбинаттагы үйлөрдүн эң четинде болчу. Убакыт түштөп ооп калган. Бешке чыгып уулум экөө далистеги үйдө уктап жатышкан. Эшик ачык турган, сырттан бала жылан сойлоп келип экөөнүн ортосуна оролуп жатып алды. Аны өз көзүм менен көрдүм. Адегенде чочулап, коркуп ага даай албай турдум. Анан чагып албасын деп эки чыбык менен кыпчып туруп сыртка ыргытып жибердим. Көп өтпөй эле ал бала жылаан кайра эле сойлоп кирип экөөнүн ортосуна оролуп жатып алды. Бул жолкусунда аны алыс алып барып таштадым. Сыртта майда-чүйда иштер менен алектенип үйгө келсем алиги бала жылан кайра эле үйгө сойлоп кирип эски ордуна жатып алыптыр.
Айлам алты кетти. "Минтип отурса уул кызымды чагып алышы мүмкүн" деп аны сыртка алып чыктым да өлтүрүп туруп үстүн аттын такасы менен бастырып, анын үстүнө кирпичти коюп койдум.
Эмнеге ошенткенимди өзүм дагы билбейм, кийин кеч түшүнүп калдым. Кечинде бул окуя тууралуу кайненеме айтсам ал ачууланып, кыйкырып кое бербеспи.
-Жаш, балалык кылдың дейин десем жаш деле эмессиң, эки баланын энесисиң. Бул эмне кылганың. Бала жыланды эмнеге өлтүрөсүң, бул үйгө мүшкүл алып келген турбайсыңбы.
Эми кандай айла кылабыз, мунун энеси келет. Ал айткандай эле болду, чоң жылан сойлоп келип шыпкага чыгат, кайра сойлоп кетет, көп өтпөй босогодо пайда болот, бирде терезе жакка барат, кыскасы ал үйдү айланчыктап эле кетпей туруп алды.
Мен жүрөгүм түшүп алактай кызым менен уулумду аябай кайтарып калдым, кайненем болсо мени жер-жебериме жеткире тилдеп атат, урушуп атат, наалып атат, ачууланып атат, анын тилдегени менин кулагымдан сыртынан кетип атты, түнү бою кирпик көзүн каккан жокмун.
Көп өтпөй эле эмнегедир кызымдын бети башы кыпкызыл, от менен жалын болуп ооруп кирди. Төшөктөн турбай жатып калды, эртеси да төшөктө ооруп жатты. Жылан эртеси кайрадан пайда болду, мен мурункудан да сак болуп кайтара башталды. Бир кезде кызым өзүнөн өзү чаначтай болуп шишип кетти.
Жанталаша доктур чакырып келгичекти өлүп калды. Көрсө ага жылан бизге байкатпай келип туруп, уусун чачып жибериптир. Акыры жылан өчүн алып тынды деп ойлогонбуз, жок, али өчүн алып тына элек экен.
Үч жаштагы уулумдун да өмүрүн алып кетти. Тердө уктап жатса бутунан байкатпай чагып салыптыр. Оозунан ак көбүк ага оо дүйнөгө кете берди көздөрүн жалдыратып. Биз эч нерсе кыла алган жокпуз. Мен болсо болгон күчүмдүн баарын ыйга чыгардым. Ошондон кийин жыландарды аябай жек көрүп, бирок аларга экинчи тийбес болдум.
Арадан бир топ жыл өтүп кеткен, бир күнү дагы бир бала жылаан пайда болуптур биздин үйгө, коркуп калган жаным эмне кылаарымды билбей калдым. Кайненем менден мурун умтулуп тарелкага сүт куя койду.
Жыландын баласы андан ичти дагы кетип калды. Эртеси күнү дагы келди эле, кайненем дагы кечөөгүсүн кайталады. Ошондон кийин ал эмнегедир өзүнөн өзү жок болуп кетти. "Ох.., көрдүңбү" - деди кайненем мени зекип, - жыландын баласын эч убакта өлтүрбөш керек. Алар адам баласындай эле акылдуу келишет. Эгер анын баласын өлтүрө турган болсоң жердин жети кабат күбүнө кирип кетмең дагы баары бир таап алып сенден өчүн алат. Качып кетип жыйырма жылдан кийин келсең да баары бир таанып, өлтүрүп коет, жыландар ушунчалык кекчил келишет.
Дагы бир окуя айтып берейин, бул убагында гезитке да чыккан. Бул окуя да биздин айылда болгон. Үч карыя карта чабышып, боз үйдө отурушкан. Аңгыча сырттан бала жылан сойлоп боз үйгө кирет. Абышка акырын бурулуп аны калпагы менен жаап коет да оюнун уланта берет.
Бир маалда сырттан эне жылан сойлоп кирип боз үйдүн бурчунда илинип турган жаш баланын бөтөлкөдөгү сүтүнө уусун чачып салат. Абышка акырын кайра калпагын көтөрө койгондо бала жылан сыртка сойлоп чыгып кетет.
Көп өтпөй эле эне жылан кайра боз үйгө сойлоп келип алиги бөтөлкөдөгү сүттү кысып сындырып туруп кайра кетип калган. Жыландар ушундай кекчил болот экен, ошону азабынан эки баламдан ажырап калгам.
Жыланга таптакыр тийбеш да жолобош керек. Өзүң тийишпесең алар чагышпайт. Алиги келин бизге жылан окуялары жөнүндө дагы көп нерселерди айтып берди. Жыландардын аябай кекчил болорун, жамандык кылган адамын эгерим унутушпасын ошондо билдим.
К.Курманбаева Бишкек шаары
Булак: Шамбала