www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Колунда бийлиги турганда, демине казы-карта бышкан мезгилде Алмазбек Атамбаевге ким каршы сүйлөдү эле? Эми ошолордун баары тилин чайнашып эле кыйын болуп кетишкени эмнеден? И-ии так ошол жаман адаттын айынан ар кандай кептерди чаргыткан кези. Кана, жетинчи апрелде он миң кишини алып чыкканын көрдүкпү? Кытайга барса артка кайтпайт деген жомокчулардын сөзү орундалдыбы? Жок. Демек, тилди бултактата бергендер маанилүү маселени айтууга дарамети жетпейт. Жалаң имиштин гана акесин таанытууга алдары келет.
Азыр кандай имерип сүйлөсөк да боло берет дегендер калптын казанын кайнатууга далбасташты. Баарынан да Өмүрбек Бабановдун тайкеси дүйнөдөн өтүптүр, топурак салууга келсем болобу деп Атамбаевге кайрылыптыр деген кепти да бөктөрө салышты. Бул маселени чечүүгө кимдин кудурети жетерин билбесеңер айтып коелу? Азыркы ажонун амири аркылуу гана чечилет ушул жагдай. А бирок, мындай жосунга С. Жээнбеков жол бербейт. Эр болсо өз эрки менен келсин да Бабанов. Анте албайт, келди дегиче колуна кишен салынат. Анткени ага кылмыш иштери козголгон. Негизи болбогон эле көрүнүштөргө Атамбаевди байлай бергендин өзү туура эмес. Эптеп эле ушакты жандандыруу үчүн кеткен кишинин атын соодалай бергендин өзү натуура.
Булак: "Ачык сөз"