www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика министрлиги электр энергиясын колдонууда кубаттуулукка киргизилген чектөө боюнча түшүндүрмө берди.

Учурда Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги керектөөчүлөргө электр энергиясын колдонуу үчүн берилген техникалык шарт менен электр эсептегичтерге инвентаризациялоо иштерин жүргүзүүдө. Анын негизинде көпчүлүк ишканалар электр энергиясын өндүрүш үчүн колдонууга деп документ алып, иш жүзүндө жылытуу үчүн колдонуп жатканы белгилүү болду. Бул факт боюнча акт түзүлүп, пломбалар басылууда.

Ал эми жөнөкөй абоненттер электр энергиясын колдонуу эрежесине ылайык, эки же андан ашык тиричилик техникасын бир эле учурда иштетүүгө уруксат берилбейт. Трансформаторлор алдын ала эсептелген кубаттуулукка жараша иштейт.

Трансформатор ашыкча жүктөм менен иштесе, электр жабдуулары иштен чыгуу коркунучу бар.

Айрым абоненттер электр энергиясын пайдалануу эрежесин сактабай, бир эле убакта бир нече тиричилик техникасын колдонуп жаткандыктан электр эсептегичтерге лимит коюлууда.

Эгер аталган эрежени аткарсаңыз эле лимитти сактаган болосуз. Ошондуктан тиричилик техникаларын баарын бир учурда эмес, кезек-кезеги менен иштетиңиз.

Энергетика министрлиги Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болгондугуна байланыштуу электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости