www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Манас аке, фермер адам катары айтсаңыз, жазгы талаачылыктан баштаган ушу күзгө чейинки баса көрсөтчү алгы иштериңиз жок эмес чыгар?
- Быйылкы жыл баарыбыз үчүн чоң сыноо болду. Кургакчылык маселеси түйшөлттү. Арпабыз күйүп кетти. Жүгөрү өстүрдүк. Быйылкы жылга Чүй боорунда эле 20дай жерге мөмө бактарын тиктик.
- Сөзүңүзгө аралжы, мөмө бактарын кайсы сугат системасы менен жалгаштырдыңар?
- Тамчылатма сугат системасында жалгаштырдык. Керектелүүчү суунун көлөмү кескин түрдө азаят экен. Коромжу болбойт. Ар бир мөмө багы өзүнө керектелүүчү сууну алып, натыйжада түшүмдүүлүгү жогору болорун байкадык.
- Ал эми дан эгиндерин жана техникалык өсүмдүктөрүн кандай шартта сугарса эффективдүү болчудай?
- Өзгөчө Чүй өрөөнүндө жамгыр сугат системасына ылайык келет. Арпа, буудай, кызылча, жүгөрүнү айтпай эле коёюн. Азыр техникалар көбөйө баштады. Көбүнчө Түркиядан апкелип атышат.
Эгерде жамгыр сугат системасын жакшы максатта жайылтсак, ошондо суу тартыштыгынан, көйгөйүнөн суурулуп чыгып кетчүдөйбүз. Мындан сырткары, арпа, будай эгилген талаага экинчи түшүм катары жүгөрү сээп, силос кылып алсак болот экен. Ушу практиканы Чүй өрөөнүнө колдонгудайбыз.
- Айтмакчы, бизде тоют маселеси да орчундуу эмеспи?
- Кесек тоюттан сырткары, сенаж, силос бир топ эле арзан түшүп, э
ффективдүү жагы бар. Муну жөнөкөй арифметика менен эсептеп койсо болот. Бүгүн бир таңгак чөп орто эсеп менен 250-300 сом. Салмагы 20 килограмм.
Бир килограммы 10-15 сом. Сенаж же силос даярдай турган болсок, бир килограммы 4-5 эле сом. Тоюмдуулугу, сиңимдүүлүгү жагынан жакшы. Ушундан улам элге багыт берип, жетелей турган адис адам керек болуп атат.
- Эки-үч жылдан бери кыргыз жергесин мөмө бактарына айлантуу демилгесин көтөрүп келатасыз. Ушу жагы кандай болууда?
- Акырындап ишке ашууда. Бул жаатта жылдан-жылга мөмө бактарын жөн эле тиге беришпей, адистердин жардамы менен акылдашып, жердин кыртышына жараша, климаттын өзгөчөлүгүн эске алуу менен иш алып барып аткандары жүрөк жылытат.
- Ушу жаатта кыргыз өкмөтү фермерлерге кайсы жагынан кол сунууда?
- Өкмөт тараптан тамчылатма жана жамгыр сугат системасын өркүндөтүш үчүн “Айыл банкка” 426 миллион сом бөлүп бериптир. Биз аны натыйжалуу, сарамжалдуу, максаттуу пайдаланганга жол ачышыбыз керек.
- Атаңгөрү, жанагы “бактериялык күйүк” деген немеси чыкты эле. Мөмө бактарды 2-3 жыл аралыгында жараксыз кылып коюп жатат. Кандай чараларды көрүп атасыздар?
- Өсүмдүктөрдү коргоо адиси эмесмин. “Бактериялык күйүк” биз үчүн табышмак бойдон келатат. Адистер да таккесе пикир айта албай атышат. Оору кайдан келип, кайдан жукту (?) дегендей.
Азырынча белгисиз. Ошон үчүн фермерлер, анын ичинде багбандар этияттап, алмуруттун көчөтүн өлкөгө киргизбей жатабыз. Анткен менен жалпы кырдаал көзөмөлдө. Мен үчүн багбанчылыктын келечеги кең. Себеби, рентабелдүүлүгү, потенциалы жогору.
Булак: Азия News гезити