www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мирзиёев ушул жумада Түркияга барат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ушул жуманын аягында Түркияга барат. Бул тууралуу Qalampir.uz сайты өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, Мирзиёев 12-ноябрда Стамбул шаарында өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезектеги саммитине катышат. Бул Мирзиёевдин экинчи мөөнөткө шайлангандан кийинки алгачкы чет өлкөлүк сапары болуп калат.

Саммитке Мирзиёевден тышкары Түркиянын, Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Түркмөнстандын президенттери жана Венгриянын премьер-министри катышат деп күтүлүүдө.

"Саммит коопсуздук, саясат, экономика, соода-сатык жана маданият тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналып, аталышындагы "Кеңеш" деген сөз "Уюм" деп өзгөтүлөт", - деп жазды Qalampir.uz.

Өзбекстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине 2019-жылы сентябрда мүчө болуп кирген. Андан тышкары 2009-жылы түзүлгөн кеңешке Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстан мүчө, Венгрия байкоочу макамына ээ. Түркмөнстан уюмга толук кандуу мүчөсү катары ушул жумада кирет деп күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости