www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Табылды мырза, бүгүн чек ара маселеси эң актуалдуу проблемалардын бирине айланып олтурат. Быйыл Баткенде чек ара жаңжалы болду. Жакында С.Жапаров чек ара тууралуу өз оюн айтты эле, тажик тарап анын билдирүүлөрүнө каяша иретинде катуу сын айтты. Сиз жакында эле кыргыз элинин тарых боюнча китебиңизди жарыяладыңыз. Ошондон улам, айтсаңыз, кыргыздар качантан бери азыркы Таджикстандын жерлерин байырлап келген, ошол жөнүндө сөз кылсак.
Бирок, 1924-жылы жер бөлүштүрүүдө Тажикстандын Мургаб жана Жерге-Тал райондору Кыргызстандыкы болгон экен. Жер бөлүштүрүүдө эмне катачылыктар кетти эле. Эмнеге биздин жерлер Тажикстанга өтүп кеткен?
--Бул маселе тарых илиминдеги кыргыздардын келип чыгуу проблемалары талаш жаратып, так аныктала электиги менен да кыйындап жатат. Себеби, Совет доорунда кыргыздарды Тенир-Тоого XVI кылымдарда көчүп келген деп келишкен. Бирок, айрым окумуштуулар, А.Н.Бернштам хуннулар доорунда Таласка көчүп келгендигин жазган.
Академик В.В.Бартольд енисей кыргыздары 840-жылы Уйгур каганатын кыйратып, өз үстөмдүгүн орноткондон кийин, кыргыздар союздашы болгон карлуктардын жерлерин коргоо үчүн келсе керек деп жазган. Кыргыз каганы генерал Алп Сол Тепекти аскердик экспедиция жасоого Чыгыш Туркстанга жөнөткөн.
Ошол мезгилде келип, кайра кайтып кетишип, кийин XV кылымдар көчүп келген деп жазган. О.Караев Алп Сол Тепектин аскери менен келген кыргыздардын бир бөлүгү Кашкар шаарынын тегерегинде калып калаган деп бышыктаган. Анын ою боюнча ошол кыргыздар Теңир-Тоо кыргыздарынын өзөгүн түзгөн. Мен бул темага дайыма өзгөчө көңүл бөлүп келем. Азыр бешинчи китебимди бүттүм. Бул маселеге өтө чоң маани берип жатам.
Менимче кыргыздар усундардын тукумдары болушкан. Б.а. кыргыздар бирдей эле убакта Тенир-Тоодо да, Енисейде да жашаган. 840-жылы Енисей кыргыздары өз союздаштары карлуктар менен бирдикте Уйгур каганатын талкалап, Байкалдан Каспийге чейиинки мейкиндикке ээлик кылган. Ошол мезгилде Кыргыз каганы өзүнүн ордосун карлуктар турган Батыш Монголия чөлкөмүнө көчүрүп, карлук, аз, чик, алакчын уруулары менен коңшу жашап калышкан.
Б.а. кыргыздар карлук ж.б. уруулар менен тыгыз ымалага өтүшкөн жана өз союздаштары карлуктар менен чогуу көчүп келген десем болот. IX-X кылымдарга таандык тарыхый булактарда кыргыздар Кашкарга, Тоолуу Бадахшанга чейин кирип келген. Н.Бекран кыргыздардын бир болугу карлуктар жашаган Тоолуу Бадахшанды байырлап тургандыгын жазган. Тоолуу Бадахшанга кыргыздар союздаштары карлуктардын жардамы менен барып жайгашып калышы мүмкүн.
Себеби, карлуктар бул чөлкөмдү VII-кылымдарда эле байырлап келген. Рашид-ад-Динда карлуктардын бир бөлүгүн Толлуу Бадахшанга жайгаштырган. Мургаб жана Каратегинде кыргыздардын аскерий бөлүктөрү турган десем болот. Б.а. Алай, Мургаб, Каратегин байыркы Улуу Кыргыз мамлекетинин чегин аныктаса керек.
Бул чектен кыргыздар Афганистан, Бухара, Самаркандды көзөмөлгө алган. Бул жерден алар душмандардын аскеринин жылышын көзөмөлдөп турган. Мындан башка, Бухара, Гиссар, Куляб ж. б. шаарларга Кашкар, Алай тараптан келаткан кербендерди тоскоолсуз өтүшүн камсыз кылып, Улуу Жибек жолунун үзгүлтүксүз иштеп турушун камсыз кылып турган болсо керек. Мына ошого күнү бүгүнкүгө чейин Тоолуу Бадахшан, Каратегин, Бухара, Гиссар, Кулябтын тегерегинде кыргыз, карлук урууларынын жашап жаткандыгын көрүп турабыз.
--Бирок, тарыхый булактарда кыргыздар анчейин байкалбайт деп коюшат го. Муну кандай чечмелеп бересиз?
--Кыргыздардын бир бөлүгү Тоолуу Бадахшанда жашаган, бирок ал аймак дайыма эле Караханий мамлекетиини карамагында болгон эмес. Саманийлер Х кылымда Таласка чейин басып кирип келген. Бул учурда ал аймак Саманийлердин карамагында калган.
Кийинчирээк, бул аймак Газневиддердин мамлекетинин курамына кирген. Газневий династиясын түзгөн Себук тегин өзү Карахан Каганатындагы Барсхан шаарынын тегерегинде жашаган чигилдер союзуна кирген себук деген уруудан чыккан. Ал жаш кезинде себук уруусу менен тухсилердин ортосунда болгон салгылашта, колго түшүп калып, кулдукка Иранга сатылып кеткен жигит болгон. Кийин Иран шахы аны сатып алып, өзүнө жан сакчы кылып коет.
Анан Иран аскерин башкарып, караханийлер менен согушууга жиберилген. Бирок, ал өз туугандары менен согушпастан, Саманийлер мамлкетин бөлүп алып, Газневийлер мамлекетин тиккен. Ордосу Газна шаары болгон. Себук тегин Саманийлерге кызмат кылып жүргөндө эле, 994-жылы Газна шаарынын эмири Нух бин Насрдын буйругу менен ал Газна, Балх, Тохаристан, Бамиан, Гур жана Гарчистан (Тоолуу Бадахшан) жерлери анын карамагына өткөрүлүп берилген.
Ошондуктан, тарыхый булактардагы малыматтарда Себук тегинге кызмат кылган аскер башчылар болгондугу тууралуу маалыматтар кездешет. Ал кыргыздар ошол Тоолуу Бадахшанда жашаган кыргыздардан болушу мүмкүн. Алардын тукумдары бүгүн да Каратегинде, Мургабта жашап жатышат.
--Буга дагы кандай далидерди келтире аласыз?
--Саманийлер Таласты басып алагандан кийин, Тоолуу Бадахшанды Каратегин деген кишиге тапшырышат. Ал өзү Таласта жайгашкан Исфиджаб шаарынан болгон. Анын уругунун атынан азыркы Каратегин жер аты келип чыккан деген уламыш бар. Ошол аскер адамы Тоолуу Бадахшанда туруп, 961-жылы салгылаштардын биринде каза болгон. Анын сөөгүн Исфиджаб шаарына алып келип коюшкан. Б.а. бул адам таластык түрк уруусунан болгон. Балким кыргыз болгон.
--Ошол мезгилде кыргыздар Таласта болду беле?
--Ошол мезгилде Таласта отуз огландар, аздар, чигилдер, ягмалар жашашкан. Булардын ичинен отуз огландар, аздар кыргыз уруулары болгон деп айтсак болот. М.Кашгари өзүнүн «Дивани лугат ат-Турк» аттуу китебинде Караханийлер каганатында караханийлерге таандык «Хакания өлкөсү» деген облас бар экендигин жазган. «Шах намэдеги» маалыматтарга караганда Тараз шаарында турган атактуу чарук уруусун жана тараздыктарды хакандыктар деп атаган.
Б.а. Хакания өлкөсү Таласта болгондугун болжолдоого болот. С.Ахсикендинин маалыматы боюнча Манастын чоң атасы Каркырабектин Каркыра өлкөсү Таласта болгон. Анын уулу Жакыптан Манас туулган жана ал Кара-Кыштакта бийлик жүргүзгөн. С.Ахсикенти атаган Каркыра өлкөсүнө уйкаш Каркырахан деген кыргыздар менен байланыштуу ээлик Түштүк Алтайда жайгашкан. Бул маалыматарды салыштырып, М. ашгаринин Хакания өлкөсүн С.Ахсикендинин Каркыра (хан) ээлиги деп таансак болот. Б.а. Хакания өлкөсү бул Каркыра ээлиги десек жаңылышкан болбойбуз.
--Тоолу Бадахшандагы кыргыз жана карлук, лакайлар менен тениртоолук кыргыздар өз ара карым катнашта болушканбы?
--Ооба. Тарыхчылар булар дайыма карым катнашта болушканын далилдешкен. Мисалы, карлук, лакайлар кыргыз уруулары менен тыгыз этногенетикалык байланышта болгондугу аныкталган. Белгилүү болгондой Эштек бийдин мезгилинде кыргыздар калмактардан жеңилип чегингенде Бухара тарапка оогон. Кыргыздар «Казак кайың саап, кыргыз Ысар менен Көлөпкө кетти” деген сөз ошондон калган.
Эштек бий ал жерден жаны аскер курап, калмактарды Теңир-Тоодон кууп чыкканы тарыхта айтылып калган. Бүгүн солто уруусунун курамында көлөп, косор, кайдоол уруктарынын кездешкени бекерден эмес. Кыргыздардын бир бөлүгө Амир Тимурдун доорунда Афганистан тарапта жашагандыгы тууралуу маалыматтар бар. 1917-жылга чейин эле кыргыздар Вахан коридорунда көчүп жүргөн.
Кийин буларга Рахманкул хандар кошулган. 1924-жылы кара кыргыз автоном облусу түзүлгөндө Мургаб жана Каратегин Кыргызстандын курамына кирген. Бирок, Орто Азия элдиринин баары өз мамлекеттүүлүгүнө ээ болуп жатат, таджиктер деле мамлекеттүүлүккө жетип алсын деген шылтоо менен бул эки район жаңы түзүлгөн Таджикстандын курамына өткөрүлгөн.
-Бул аракетердин мындан башка да себептери болгон эмеспи?
--Менимче, Мургаб менен Жерге-Талды Тажикстанга бербесек деле Тажик мамлекети курулмак. Себеби, Мургаб менен Каратегин Тоолуу Бадахшанды таптакыр эле Дүйшөнбүдөн кыркып сала алган эмес. Мында маселенин баары Мургаб менен Каратегин Кыргызстандын курамында калса, анда биз бул райондор аркылуу афганистандык кыргыздар менен байланышыбыз үзүлбөй, алар менен тыгыз байланышта болуп кала берге тургандагыбызда болсо керек.
Б.а. Кыргызстандын эли Жапаркулдун (Рахманкул хандын атасы) жана афгандык кыргыздардын терс таасиринде калбасын деп чочуркашкан болсо керек. Ошого Тажик өлкөсүн куруп жатып, ага атайылап Тоолуу Бадахшанды киргизимиш болушуп, Мургаб жана Каратегинди жаңы түзүлүп жаткан өлкөгө ыйгара салышкан. Анан калса, муну менен кыргыздардын Кытай менен чектеш территориясынын узундугун азайтуу каралган болушу мүмкүн. Ошентип, коммунисттер бардык баалээден кутулабыз деп ойлошкон.
--Жапаркул, Рахманкул хандар чын эле коркунуч туударганбы?
--Коммунисттер эски хандык жана патриархалдык жашоодон биротоло баш тартышып, эски структураларды биротоло жок кылууну максат кылышкан. Коммунисттик Совет бийлигинин бул саясаты геосаясий кызыкчылыктардын негизинде жүргөн. Мунун негизинде басмычылык кыймылды ооздуктоого аракеттенишкен. Басмычылар мобилдүүлүктөн уттурушкан.
-Мургаб менен Жерге-Талды берип жатканда эмнеге аларды анклав катары беришкен эмес?
--Менимче, ошол кездеги кыргыз жетекчилер бул маселеге кийин кайра катып келебиз, Мургаб менен Каратегин кайра кайтарылат деп үмүттөнүшкөн болсо керек.
--Бул маселени кантип чечсе болот?
--Мунун бүгүн чечилиши өтө татаал. Албетте, Орусия мамлекети өзүнүн геосаясий кызыкчылыгынын негизинде чечилишин каалайт. Биздин талаптар Орусиянын геосаясий талаптарына дал келиши керек.
--Тоолу Бадахшан автономиясы Кыргызстандын курамына кирүүгө кызыкдар эмеспи?
--Эгемендиктин алгчкы жылдары бир аз ушунлай сөздөр тараган эле. Бирок, бул маселе Орусиянын геосаясий кызыкчылыктарына дал келбеши мүмкүн. Таджикстан тунгуюктагы өлкө. Ага стратегиялык товарлар Кыргызстан аркылуу кирип жатат. Абалы өтө оор. Орусия үчүн да бул өлкөнү кармап туруу өтө эле чыгымды көп талап кылат. Кечээки согуштан кийин, тажиктер менен бир нерсе болсо, кыргыз, казак, өзбектер аларга жардамга аскер жиберери арсар. Тажикстан Иран, Афганистандын таасиринде калса, анда Орусия бул өлкөлөрдөгү тоолуу бийиктиктерден кол жууйт.
Бул өңүттөн алганда, маселенин чечилишинин биринчи жолу: биз 1924-жылкы келишимди пайдаланып, Мургаб менен Каратегинди кайтарып алууга башка союздаштарды көндүрүшүбүз керек. Себеби, кыргыздар ал жерди Х кылымдарда стратегиялык маанилүү жай катары эсептеп, аскерий бөлүктөрүн кармап келишкен.
Экинчи жолу: Тажикстанды конфедерацияга айлантуу туура болушу мүмкүн. Тажикстан Тоолу Бадахшан, Дүйшөнбү жана Кыргыз-Карлук же Кыргыз-Лакай автономиялуу республикалардан турушу эл аралык талаптарга жооп берет. Себеби, 1924-жылы Тажик Республикасын түзүп жатканда, ал өлкөдөгү кыргыз, карлук, лакай, өзбек этносторунун укуктары жана кызыкчылыктары эске алынбай калган.
Ошондон улам, Тажикстанда дайыма бул этносторду экинчи сорттогу социалдык топ катары карап, жээрип, өлкөдөн чыгып кетүүчүлүк мамилелер колдонулуп келатат. Эгер Тажикстан федерациялык түзүлүшкө өтсө, анда чек ара маселеси оңой чечилмек. Анклав жоголмок. Албетте, Тажикстан жок болбой эле койсун. Бирок, менимче, бүгүн Мургаб менен Каратегиндин Кыргызстандын курамында болушу биздин союздаштардын да геосаясий кызыкчылыгына туура келет деп ойлом.
--Кандайча?
--Менимче, бүгүн Борбордук Азия өлкөлөрү өздөрүнүн илгерки геосаясий мейкиндигине ээ болушу абзел. Илгери бул чөлкөмдү Түркстан деп атап коюшкан. Түркстан деген ат менен Борбордук Азиялык бийлик эгелери Афганистан, Индия, Кытай ж.б. өлкөлөргө таасир берип турчу. Мисалы, султан Бабур Самарканддан сүрүлүп, Афганистанга кетип, ал өлкөнү башкарган. Эгер бүгүн Өзбекстан кайра Түркстан деп аталса, тарыхый ордун табат.
Борбордук Азия өлкөлөрү дүйнө жүзүндө башкача кабылданып калган. Батыш өлкөлөрүнө барганда Борбордук Азияны «Русский Туркестан» деп коюшаарын угуп калам. Эгер Өзбекстан Туркстан деп кайрра аталса, Борбордук Азия өлкөлөрү Афганистанга зор таасир берип калмак. Өзгоөчө ал жактагы түрк улууралына жана элдерине, алардын ичинде кыргыздарга да бул чоң колдоо болуп калмак.
Кылыч Кудайбергенов
Булак: Жаны Ордо № 33 (716) 5 ноябрь 2021 ж.