www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Бишкекте 8-октябрда таштанды челектен табылган баланын туугандарын издөөдө. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалым болгондой, министрликтин Бишкектин Октябрь районундагы башкармалыгынын кызматкерлери ымыркай жаткан №1 төрөт үйүнө барып, баланын абалынан кабар алган.

Учурда балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу, жакын туугандарын табуу жана ымыркайды аларга өткөрүп берүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

«Баланын жакын туугандары табылбай же алар камкордукка алуудан баш тарткан учурда, ымыркайдын маалыматтары кийин асырап алуу үчүн ата-энесинин камкордугусуз калган бала катары Мамлекеттик маалымат банкына киргизилет жана социалдык мекемеге жайгаштырылат», — деп билдирет министрлик.

Эскерте кетсек, бөбөк Бишкектин Октябрь районунун Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен 8-ноябрь түнү табылган. Ымыркай №1 төрөт үйүнө жеткирилген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат боюнча, бөбөктүн абалы туруктуу, эркек баланын салмагы 2 кг 210 грамм болуп төрөлгөн.

Кийинчерээк баланы таштанды челекке таштап кеткен делип 21 жаштагы эне кармалган.  Ага карата өз баласынын өмүрүнө кол салуу аракети айыбы менен иш козголгон.

12-октябрда жаш эне 2023-жылдын 11-январына чейин камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости