www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын ашыкча аш-тойлору тууралуу 1911-жылы 1-февралда Стамбулда чыккан Теариф-и Муслимин журналына "Кыргыздардын жашоосунан" деген кыскача макала жарыяланган.  Бул макаланы соцтармактын колдонуучусу Дастан Разак уулу жүктөгөн.

".......Цвилизациялуу элдердин байлары илим жана агартуу тармагы үчүн байлыктарын сарпташып, кайрымдуулука ар кандай фондорду куруп артында калтырышууда. Ибадаткана, медресе, мектеп, университеттер ушундай капиталдар менен куруулуда. Фонддордон бир гана мекемелер курулбастан, көптөгөн кедейлердин балдарынын таалим жана тарбиялары да каржыланып жатат.

Мындай фонддорду кийики убактарда татарлар арасында кеңири жайылды. Бирок кыргыздарда мындай көрүнүш жок. Кыргызларда илим жана билимге жардам бергендер өтө сейрек кездешип, каза болгон адамдар да артында билим үчүн насаат, осуят, керээз же мурас калтырышпайт. Кыргыз байлары тирүү кезинде эле мураскерлерине (балдарына) өлгөндөн кийин ал үчүн чоң бир аш (той) өткөрүүнү керээз калтырышат. Мураскерлери да бул керээзди кынтыксыз аткарышат. Себеби алардын ишеними боюнча керээзди аткарбай коюу чоң күнөө болуп эсептелет.

Аш-той ушинтип уйушулат. Алгач жүздөгөн боз үйлөр тигилет. Аймактардан, айылдардан кишилер чакырылат. Жүздөгөн мал сойулуп, эт тартылат, кымыз ичилип, ат жарыштары, балбандардын күрөштөрү болот.

Жарыштарды уткан аттарга, күрөштө жыккан палбандарга сыйлыктар, акчалар берилет. Биринчилик сыйлык алыш үчүн кээде уруштар да болуп турат. Өздөрүн пайгамбардын тукуму сезип алган айрым кузгундар мындай аш-той, салттарды токтотууга караманча каршы. Тескерисинче мындай адаттарды көбөйтүүнү каалашат. Мындай керексиз шан шөкөттөрдүн зыяндуулугун түшүнгөн, айрым адамдар чыгып, аш-той өткөрбөйбүз дей турган болушса, дароо маркумдун беддубасы менен коркутушат. Мынчалык той-топурга коротулган очойгон акчаларга мектеп, мечит салып, балдарды окутуп, кедейлердин балдарын ар жактагы шаардарга жөнөтүп окутуп, жашаган журттарына мугалим жалдап келип балдарына билим алышына шарт түзсө пайдалуу болбойт беле?......" деп жыйынтыктайт.

Бул макала алгач Оренбургдагы Вакыт деген журналга татар тилинде жарыяланат, аны Мехмед Ариф Мухсин деген айдың осмон түркчөсүнө которуп Теарифмуслимге жарыялайт.... Кыргыздар Осмон басылмаларында аттуу изилдөөмдөн...

Ошондон бери жүз жылдан ашуун убакыт өттү. Дагы эле өзгөрбөптүрбүз. Азыр тойлорду кыскартышмак түгүл, ар түрдүүсүн ойлоп таап, обу жок адаттарды чыгарып жатышат. Өлгөндөгү ири мал соймойду мамлекет көзөмөлдөп токтотту эле, бирок айрым байлар атасына аш бермейди улантып жатышыптыр, ошол эле мамлекет баш болуп айрым тарыхый инсандардын маарекесин, шаарлардын маарекесин дүңгүрөтүп өткөрүп, боз үйлөр тигилип, казан-казан эт кайнатып, оюндарды уюштуруп жатат.

Жөнөкөй тойду айтпай эле койолу. Тааныштар, туугандар, достор эки күндүн биринде тойдо, соц тармакты той каптады, баары нааразы тапкандын баары тойго кетип атат, бирок баары тойдо жүрөт. 2, 3 жаштагы балдарынан тартып, 70, 80 жашка чыккандар, аралаш. Мамлекетибиздин атын Тойстан деп эле өзгөртүп алат окшойбуз.... болбосо мектептер, бала-бакчалар, китептерибиз жетишпейт...

Башка элдер деле үйлөнүп жатат, бирок эч бири кыргыздай ашыкча чачкан жок, кыргыздай 200-300 киши чакырган жок. Түркияда 7 жылдан бери жүрөбүз. Үйлөнүү тойлоруна катыштым, бир да тамак койушпайт, эгер койо турган болсо мисте, жаңгак, таттууларды, суу эле койушат. Өзгөчө бийчилерди, ырчыларды чакырышпайт. Жакын тууган, достору эле келишип берчүү белек, акчаларын берип, ашып кетсе 2 саатта бүтөт той. Күндө той жок буларда. Жакшына эле жашап жатышат, деп жазылган макалада. 

Ага Инаш Азим жооп катары: 

Жогорудагы маалыматтар Осмон мамлекетинин архивинин бир четиндеги төрт беш журналдагы кээ бир гана макалалар. Бул макалаларга таянсак, айтылган маалыматтар бир тууган кыргыз жана казак элдеринин жакын мезгилдеги тарыхы үчүн өтө маанилүү болуп эсептелет. Совет мезгилинде башка Орто Азия элдерин, анын ичинде кыргыз жана казактарды орус саякатчылары келип изилдеп кеткени чындык. Орус саякатчылары көптөгөн илимий изилдөөлөр жүргүзүлсө да биз үчүн алар менен катар эле Осмон архивтери, же тактап айтканда азыркы Түркиянын мамлекеттик архивтериндеги маалыматтары тарыхка дагы бир жолу башка терезеден карагандай керектүү жана кызыктуу. Батыш, орус илимпоздору менен катар эле чыгыштын, Түркиянын жазылган жана басма сөз түрүндө чыгарылган басма сөз каражаттары жакын тарыхыбызга сарасеп салуубузга, өтмүштө калган окуялардан сабак алып,келечекке карай ишенимдүү кадам таштообузга өбөлгө түзөт деп ойлойбуз.Ошондуктан бул багытта тарыхчылардын, илимпоздорун Осмон архивтери чыдамсыздык менен күтүп жатат, - дейт.

Талкуу жатаркан макалада Кабылбек Сагынбаев "Кыргыздардын түбүнө сырттагы душмандар эмес, ушул ысырапчылык жеткирген. Өткөндөн сабак албас болдук", - деген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости