www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өз мамлекетинен качкандардын көргөн күнү курусун. Кандай болгон күндө да туулган жердин топурагы алтындан артык экенин эч кимдин танууга дарамети жетпейт. Мойнуна салынган айып пулдан улам качып кеткен Уран Ботобековду азыр жыргап-куунап жүрөт деп ким айта алат? Ошол эле Адилет Айтикеев деле айла жоктон чет тарапка зуу койду да? Эгерде “косяктары” болбогондо кулан-тайдай жорголоп жүрө беришмек. Тилекке каршы өтө кызыл бат оңот деген сыпаттамага булар дал келип калышты. Мейли, билгениндей оокатын эми күжүлдөп кыла беришсин. Ошентсе да бөлөк элдин өзүнчө жашоо мыйзамдары бар экенин унутта калтырышпасын?
Ал эми сегиз ай боюу таржымалы тыкыз иликтенген жубайлар-Ринат Самудинов менен Элнура Молдокадырованын кыйла нерви жукарганын сурабай деле билсе болот. Караңгы жерде сегиз сааттын өтүшү тозок эмеспи? Бирок, акырында саясий баш баанек алганы боюнча өздөрү жарыялаганга аракет кылышты. Азыр Американын Чикаго деген шаарында күн кечирип жатканын кабарлашты. Кыргызстандан чыгып кетүүгө себепкер болгон Фарид Ниязов чагылгандай тез жообун берди. Чынында эле сабырдуулук кылышканда балээден кутулуп, ээн-эркин сайрандай беришмек экен.
Чыдап өлкөдөн чыкпагандар азыр башмалдак атып, “хит” боло баштаганы калп эместир? Көрсө турмушта он беш күн караңгы, он беш күн жарык болору аныкталбадыбы? Турмуштун ачуу, таттуусуна бекем бел байлап каниет кылгандар алтын аяктан суу ичерин деле кыстара кетели сөзүбүзгө ыңгайы келип турганда. Аттиң, тигил жубайларга эми Ала-Тоонун жан сергиткен авасы буйрубай калды го? Тагдырдын сыноосу ар кандай туңгуюкка кептейт турбайбы?
Булак: "Ачык сөз"