www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев бүгүн Сузак районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу маалыматты басма-сөз кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Кызыл-Туу айылдык аймагындагы жалпы сметалык баасы 72 млн. сомду түзгөн, 150 орундуу Көк-Булак участкасынын А.Матиев атындагы орто мектептин курулуш иштери, Кыз-Көл айылдык аймагынын Кара-Март айылындагы К.Бакиев атындагы орто мектептин кошумча ашкана, спорт залынын курулушу, Ак-Тоок айылындагы Ш.Абдыраманов атындагы орто мектептин абалы менен таанышып, Жалал-Абад областтык капитал курулуш башкармалыгынын башчысы З.Кыралиевге иштерди мыйзамдуу жана ырааттуу жүргүзүп, өз мезгилинде бүтүрүүнү тыкыр көзөмөлгө алууну тапшырды.
Ошондой эле облус башчысы аталган айылдардын тургундары менен жолугуп, суроолоруна жооп берди. Көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү жеринде эле тийиштүү тармактардан барган областтык мекеме-ишканалардын жетекчилерине берилип, милдеттендирилди.
Булак: NazarNews.kg